Токтом № 07 17 август 2022-ж. “04.06.2015ж. № 11 КБШКнын токтому менен бекитилген Кара-Балта шаарында суу түтүктөрүн жана канализацияны пайдалануу Эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 20-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, ошондой эле Жайыл районунун прокуратурасынын «ченемдик-укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө” талап кылуусунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: Кара-Балта шаарынын суу түтүктөрүн жана канализациясын пайдалануу эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор төмөнкүдөй […]