Токтом № 03 17 август 2022-ж. “2021-жылга карата Кара-Балта шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө”

Токтом № 03 17 август 2022-ж. “2021-жылга карата Кара-Балта шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин 117-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык, 2021-жылга карата Кара-Балта шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди эсепке алуу менен кирешелер боюнча 238 476,9 миң сом, чыгашалар боюнча 207 097,0 миң сом, кирешелердин чыгашалардан 31379,9 миң сом ашыкча суммасында бекитилсин.
  2. Бул токтом жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
  3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
  4. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлдү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы                                                 М. Дуйшеналиев

Токтом № 03 17-август 2022-ж