Токтом № 02 17 август 2022-ж. “Кара-Балта шаарынын 2021-жылга карата СЭӨПтин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө”

Токтом № 02 17 август 2022-ж. “Кара-Балта шаарынын 2021-жылга карата СЭӨПтин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, ошондой эле Кара-Балта шаарынын 2021-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасы боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча берилген маалыматты карап чыгып, Кара-Балта Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Балта шаарынын 2021-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасынын аткарылышы жөнүндө маалымат ушул токтомдун тиркемесине ылайык эске алынсын.
  2. Кара-Балта шаарынын мэри – Джекшенов Мирлан Ратымбекович, талкуунун жүрүшүндө айтылган депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылга карата СЭӨПти иштеп чыгууда эске алсын.
  3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилип жана катталыш үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  4. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлүн бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри – М.Р. Джекшеновго жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы                                                       М. Дуйшеналиев

Токтом № 02 17-август 2022-ж.