Токтом № 1 12 май 2022-жыл “Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасына ишеним көрсөтпөө жөнүндө”

Токтом № 1 12 май 2022-жыл “Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасына ишеним көрсөтпөө жөнүндө”

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31 – беренесине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин Регламентинин, ошондой эле шаардык кеңештин депутаттарынын жазуу жүзүндөгү ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайрылуусунун негизинде, Кара-Балта шаардык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы – Ажыматов Азамат Темиркатовичке ишеним көрсөтүлбөсүн жана мөөнөтүнөн мурда кызмат ордунан бошотулсун.
  2. “Кара-Балта шаардык кеңешинин ХХХ-чакырылышынын төрагасын шайлоо жөнүндө” 2022 – жылдын 26 – апрелиндеги № 1 Токтому күчүн жоготту деп эсептелинсин.
  3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

Төрагалык кылган

“Социал Демократ” с/п депутаты                                        Н. Ладожинская

Токтом № 1 12.05.2022-ж.