27 июнь 2018ж. Токтом № 15 Мурдагы төрөт үйүнүн имаратын максаттуу багытта пайдалануу жөнүндө
БҮМБге тейлөөдө күч келип жатканы жөнүндө жарандардын кайрылууларын, Кара-Балта медициналык колледжи менен түзүлгөн келишим аткарылбай жатканын эске алып жана муниципалдык менчиктеги объектилерди максаттуу багытта жана натыйжалуу пайдалануу максатында, мурдагы төрөт үйүнүн имараты пайдаланылбай турганын эске алуу менен, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын колдонуп, Кара-Балта шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: […]