4 апрель 2018 ж. Токтом №6 «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

4 апрель 2018 ж. Токтом №6 «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

2018-жылдын 19-февралындагы № 7 Кара-Балта шаардык кеңешинин Токтомуна жана уюштуруу-укук маселелери, коомдук, уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы – Г.А.Сарсембаевдин ««Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» маалыматына ылайык, Кара-Балта шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Уюштуруу-укук маселелери, коомдук, уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы – Г.А.Сарсембаевдин ««Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» маалыматы эске алынсын.
  2. «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча Жобонун
  • I бөлүмүндө пункттар толукталсын
  • “соттолгондугу алынбаган жана соттолгондугу жоюлбаган (тындырылган) адамга «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылбайт”;
  • «Кара-Балта жергиликтүү коомдоштуктун мүчөсү болбогон жана чет өлкөлүк жаранга коомдук-саясий зор маанилүлүүгү үчүн айкын түрүндө

«Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылат»;

  • II бөлүмдө
  • ««Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын бир жылда эки кандидаттан көп эмес (9 сентябрь) “Шаар күнүнө” карата ыйгарылсын» 2.3 пункту алынсын;
  • 5. пунктунда “ күчүнө кирүү” кийин “айыптоо”сөзү менен кошумчалансын.
  1. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү уюштуруу – укук маселелери, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                            А. Аалыев