“М.Ломоносов атындагы көчөнү Канат Дербишев атындагы көчөгө өзгөртүү  жөнүндө” 2023-жылдын 1-декабрындагы № 08 токтому

“М.Ломоносов атындагы көчөнү Канат Дербишев атындагы көчөгө өзгөртүү  жөнүндө” 2023-жылдын 1-декабрындагы № 08 токтому

М.Ломоносов атындагы көчөнү Канат Дербишев атындагы көчөгө өзгөртүү    жөнүндө

 

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмердин элесин түбөлүккө калтыруу максатында «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Каара-Балта шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. М.Ломоносов көчөсүн Канат Дербишев атындагы көчөсүнө өзгөртүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.
  2. Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштарды каттоонун жана географиялык объектилеринин аталыштарын өзгөртүү, кайра атоо тартиби жөнүндө» жободо көрсөтүлгөндөй жергиликтүү калкты жана башка адистерди сурамжылоону эсепке алуу менен бардык жол-жоболор жүргүзүлсүн
  3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4 Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү  Джекшенов М.Р-Кара-Балта  шаарынын мэрине жүктөлсүн.

Таркатылсын: көктөмөгө, Кара-Балта шаарынын мэриясына, Чүй – Бишкек юстиции башкармалыгына

 

 

 

Кеңештин төрагасы                                                                          М. Дуйшеналиев