27 июнь 2018ж. Токтом № 15 Мурдагы төрөт үйүнүн имаратын максаттуу багытта пайдалануу жөнүндө

27 июнь 2018ж. Токтом № 15 Мурдагы төрөт үйүнүн имаратын максаттуу багытта пайдалануу жөнүндө

БҮМБге тейлөөдө күч келип жатканы жөнүндө жарандардын кайрылууларын, Кара-Балта медициналык колледжи менен түзүлгөн келишим аткарылбай жатканын эске алып жана муниципалдык менчиктеги объектилерди максаттуу багытта жана натыйжалуу пайдалануу максатында, мурдагы төрөт үйүнүн имараты пайдаланылбай турганын эске алуу менен, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын колдонуп, Кара-Балта шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Балта шаардык мэриясына 2018-жылы 1-январда Кара-Балта шаардык мэриясы менен Кара-Балта медициналык колледжи ортосунда “Муниципалдык мүлктү (мурдагы төрөт үйүнүн имараты) оперативдик башкарууга өткөрүп берүү жөнүндөгү” келишимин жокко чыгаруу сунушталсын.
  2. Кара-Балта шаардык мэриясына 15-августка чейин төмөнкү иш чараларды аткарууга тапшырма берилсин:

– мурдагы төрөт үйүнүн имаратын акапиталдык ремонт жүргүзүү боюнча долбоордук-сметалык документтерди даярдоо;

– республикалык булактарынан каржылоонун, донордук, инвестициялык, долбоордук уюмдардан мурдагы төрөт үйүнүн имаратын капиталдык ремонттоо үчүн кошумча каражатиздептабуу;

– тиешелүү тараптар менен биргеликте мурдагы төрөт үйүнүн имаратын сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү менен камсыздоо максатында шаардын төмөнкү бөлүгүндө бейтапкананын ишин жандандыруу үчүн Жайыл райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү маселесин кароо;

– токтомдун аткарылышы боюнча 2018-жылдын 20-августуна чейин отчет берүү.

  1. Токтомдун аткарылыш көзөмөлүн өзүмө калтырам.

 

Төрага                                                                         А.А. Аалыев