КАРА-БАЛТА ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН 2023-жылдын 30-октябрындагы №01 ТОКТОМУ.

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН 2023-жылдын 30-октябрындагы №01 ТОКТОМУ.

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

 

«30» октябрь 2023-ж. № 01                                                    Кара-Балта ш.

Кара-Балта шаарынын чек арасын өзгөртүү жөнүндө

Кара-Балта шаардык кеңешинин регламентинде каралган чечимдерди кабыл алуу тартиби бузулгандыктан, ошондой эле бул маселе бир гана туруктуу депутаттык комиссиянын отурумунда каралгандыгын эске алуу менен, жергиликтүү жамааттын катышуусу менен коомдук угуулар өткөрүлбөгөндүгүнө байланыштуу «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинде жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинде көрсөтүлгөн, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинде каралган маалымкат-негиздеме жана эксперттик корутундулар берилбегендигине байланыштуу, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Красно-Восток айыл аймагынын Калининское айылын шаарга кошуу жолу менен Кара-Балта шаарынын чек арасын өзгөртүү боюнча Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын сунушу четке кагылсын.
  2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Таркатылсын: көктөмөгө, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясына

 

Кеңештин төрагасы                                           М. Дуйшеналиев