2023-жылдын 4 августундагы № 08 Токтому “Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу «КСК» МИ электр энергиясы карызды төлөө үчүн алынган ссуданын мөөнөтү жөнүндө”

2023-жылдын 4 августундагы № 08 Токтому “Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу «КСК» МИ электр энергиясы карызды төлөө үчүн алынган ссуданын мөөнөтү жөнүндө”

“Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу «КСК» МИ

электр энергиясы карызды төлөө үчүн алынган

ссуданын мөөнөтү жөнүндө”

 

Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу “Кара-Балта суу каналы” МИ директору Т.К.Молдокуловдун 2023-жылдын 15-майындагы № 01-6/393 2011-2013-жылдардагы электр энергияга болгон 1650,0 миң сом өлчөмүндөгү карызын жоюу боюнча кайрылуусун карап, бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 31-июлундагы № 05 чечимин эске алуу менен, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу «Кара-Балта суу каналы» МИ 2011-2013-жылдары керектелген электр энергиясы үчүн 1650,0 миң сом өлчөмүндөгү карызына алынган кредитти төлөө мөөнөтү эки жылга (2024-2025-жж.) узартылсын.
  2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй – Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлүн бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри – М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн.

 

 

Кеңештин төрагасы                                              М.Дуйшеналиев