2023-жылдын 4 августундагы № 07 Токтому «Кошумча каржылоого каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө» КБШК 2023-жылдын 16-февралындагы № 07 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2023-жылдын 4 августундагы № 07 Токтому «Кошумча каржылоого каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө» КБШК 2023-жылдын 16-февралындагы № 07 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

«Кошумча каржылоого каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө»

КБШК 2023-жылдын 16-февралындагы № 07

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу «Универсал» МИ директору Д.С.Ахметовдун Кара-Балта шаардык кеңешинин “Кошумча каржылоого каражаттарды бөлүү жөнүндө” 2023-жылдын 16-февралындагы № 07 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу маалыматын угуп, ошондой эле «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 07 “Кошумча каржылоого каражаттарды бөлүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

-1-пункттагы “таштанды ташуучу унаалар” деген сөз “адистештирилген техника” деген сөз менен алмаштырылсын.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй – Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн.

 

 

 

Кеңештин төрагасы                                              М.Дуйшеналиев