2023-жылдын 4 августундагы № 05 Токтому «Кара- Балта шаардык кеңешинин Ардак грамотасынын Жобосун бекитүү тууралуу”

2023-жылдын 4 августундагы № 05 Токтому «Кара- Балта шаардык кеңешинин Ардак грамотасынын Жобосун бекитүү тууралуу”

«Кара- Балта шаардык кеңешинин Ардак грамотасынын

Жобосун бекитүү тууралуу”

 

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 9-пунктуна ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Балта шаардык кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө Жобо № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бул токтом Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй – Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кеңештин төрагасы                                              М. Дуйшеналиев

 

 

 

 

Тиркеме №1

Кара-Балта шаардык

кеңешинин

№___ токтомуна

“__”___ 2023-ж

 

Кара-Балта шаардык кенешинин Ардак грамотасы тууралуу ЖОБО.

 

 1.Жалпы жоболор.

 

1.1. Кара-Балта шаардык кенешинин  Ардак грамотасы жөнүндө Жобо (мындан ары-Ардак грамотасы) Кара-Балта шаардык кенешинин Ардак грамотасы менен сыйлоонун тартибин жана талаптарын аныктайт.

Кара-Балта шаардык кенешинин Ардак грамотасы  райондун экономикасынын өнүгүүсүнө санариптештирүү, маданият, искусство, тарбия багытында, эл агартуусунда, ден-соолукту сактоодо, жарандардын өмүрүн жана укугун коргоодо, мыйзамдуулукту жана тартипти бекемдөөдө, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүндө, жигердүү коомдук жана кайрымдуулук ишмердүүлүктү өнүктүрүүдөгү белгилүү жеке (жамааттык) салым кошкондугу жана  өзгөчө эмгеги үчүн берилүүчү сыйлыктын түрү  болуп саналат.

1.2. Ардак грамота менен сыйланышат:

-уюштуруу жана укуктук түрүнө карабастан мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын жамааттары (мындан ары- уюмдардын), райондун өнүгүшүнө көмөк көрсөткөн мамлекеттик уюмдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ар түркүн багыттагы кесиптик жана өндүрүштүк ишмердүүлүктөрүндө жетишкендиктери үчүн.

Кара-Балта шаарынын тургундарына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мекеме-ишканаларында, уюмдарында иштеген башка калктуу конуштардын тургундарына – кесиптик ийгиликтери жана жетишкендиктери, көп жылдык ак ниет эмгеги, элдин жыргалчылыгы үчүн жигердүү коомдук иштери үчүн. шаар.

Сыйлыкка тууралуу өтүнүч кат республикалык же тармактык кесиптик майрамдарга, юбилейлерге жана уюмдун түзүлгөндүгүнө байланыштуу башка даталарга, шаардык же облустук маанилүү окуяларга, жеке мааракелүү жылдарына (50, 60, 70 жылдык жана андан кийин 5 жылда бир) туура келиши мүмкүн. .

-Сыйлоо тууралуу өтүнүч кат республикалык жана тармактардын кесиптик майрамдарына, мааракелүү күндөргө, уюмдун уюшкандыгына байланышкан жана дагы башка мааракелерине, жекече мааракелүү жылдарына (50,60,70 жаш жана ар бир кийинки 5 жылда).

– Кара-Балта шаарында жашабага Кыргыз Республикасынын жарандары, чет элдик жарандар шаардын өнүгүүсүнө, анын тышкы экономикалык жана маданий байланыштарына кошкон өздөрүнүн  жекече салымдары үчүн.

– Ар кандай кароо-сынактардын жана спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү.

1.3. Уюмдарды жана жарандарды сыйлоо тууралуу өтүнүч каты менен көрсөтүлбөй туруп Ардак грамотасы менен сыйлоо Кара-Балта щаардык кеңешинин төрагасынын чечими боюнча гана берилиши мүмкүн.

 

 

  1. Ардак грамота менен сыйлоого талапкерлерге сунушталуучу тартиби

2.1. Менчигинин түрүнө карабастан мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын жетекчилеринин, шаардын коомдук түзүлүштөрдүн лидерлери Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасынын атына Ардак грамотасы менен сыйлоо тууралуу өтүнүч каты менен сыйлоо күнүнө чейин бир ай мурун кайрылышат.

2.2. Сыйлоо тууралуу өтүнүч катына төмөнкү документтер тиркелиши керек:

– уюмдар жана алардын жетекчилери үчүн: социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр, илимий жана башка жетишкендиктери тууралуу маалыматтар, уюмдардын мааракелүү жылына карата сыйлоодо-уюмдун алгачкы пайдубалы кайсыл жылда түзүлгөндүгү тууралуу архивдик маалымат;

– сыйлоого көрсөтүлгөн жарандар үчүн: сунушталган жарандын жетишкен ийгиликтери жана эмгек ишмердүүлүгү тууралуу маалымат камтылган мүнөздөмө;

2.3. Сыйлыкка арыз аткаруучунун аты-жөнүн жана телефонун көрсөтүү менен уюмдун бланкында түзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

— Уюмдун коллективи учун

2.4. Сыйлоо тууралуу өтүнүч, аткаруучунун аты жөнү жана байланыш телефону көрсөтүлүп, уюмдун расмий кагазында жиберилет жана төмөнкү маалыматтар болушу зарыл:

– Уюмдун жамааты үчүн:

уюмдун  толук аталышы (Уставга ылайык);

сыйлоого көрсөтүү үчүн   негиз;

– Жарандар үчүн:

сыйлыкка көрсөтүлгөн жарандын аты-жөнү жана ээлеген кызматы;

уюмдун  толук аталышы ( Уставга ылайык);

сыйлоого көрсөтүү үчүн негиз;

2.5. Сыйлоого көрсөтүлгөн талапкерлер төмөнкүдөй милдеттүү критерийлерге ылайык болууга тийиш:

– түзүмдүк бөлүктүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин ведомстволук сыйлыктары (Ардак грамота, грамота, төш белгиси жана башка сыйлыктын түрлөрү).

2.6. Сыйлыкка көрсөтүп, тапшырылган материалдар төмөнкүдөй учурларда Кара-Балта шаардык кеңешини адистери тарабынан каралбастан кайра кайтарылат:

– ушул Жобонун 3.1. пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт сакталбаса;

– ушул Жобонун 3.2., 3.4., 3.5. пунктунда көрсөтүлгөн документтер толук тапшырылбаса;

– сунушталган талапкерлер ушул Жобонун 3.6. пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келбесе.

2.7. Ардак грамотаны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган болсо, Кара-Балта шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча  кайрадан сунуш баш тартылган күндөн тартып бир жылдан эрте эмес берилиши мүмкүн.

 

 

  1. Ардак грамотаны жасоо жана тапшыруу.

 

3.1. Ардак грамотасы менен сыйлоо тууралуу чечим сыйлыктар боюнча комиссиясынын ой-пикирлери эске алуу менен кабыл алынып,Кара-Балта шаардык кеңешинин тңрагасынын буюрмасы чыгарылат.

3.2. Ардак грамотасы сыйлыкка көрсөтүлгөн адамга Кара-Балта шаардык кеңешинин тңрагасы аркылуу  салтанаттуу тапшырылат.

3.3. Кара-Балта шаардык кеңешинин тапшырмасы менен грамоталарды шаардык кеңешинин орун басары, жооптуу кызматкерлер аркылуу, ошондой эле ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилери аркылуу тапшырылышы мүмкүн.

3.4.  Бир эле адам Ардак грамота менен бир жолудан ашык сыйланышы мүмкүн эмес, мында каармандык эрдик, кайратман баатырдык, эр жүрөктүк жана өзгөчө кырдаалдарда көрсөткөн эрдиги болгон учурлардан тышкары. Ардак грамота менен сыйланганы жөнүндө маалымат иштеген жериндеги уюмдун кадр кызматы тарабынан эмгек китебине жазылат.

3.5. Ардак грамотасы менен сыйлоо тууралуу жергиликтүү «Жайыл Пресс» гезитинде жарыяланат,жана Кара-Балта кеңешинин сайтына жайгаштырылат.Арыздарды кароону, Ардак грамоталарды даярдоону уюштуруучулук камсыздоону Кара-Балта шаардык Кеңешинин аппараты тарабынан жүргүзөт

 

3.6. Кара-Балта шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлануучулар Кара-Балта шаардык кеңешинин аппараты тарабынан катталат жана эсепке алынат.

3.7.Сыйлыкка берилген документтер рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт.