“12” апрель 2021-ж.  №01.      Кара-Балта ш. канализация тутумуна өндүрүштүк агынды сууларды кабыл алууну кайра кароо жөнүндө

“12” апрель 2021-ж.  №01.      Кара-Балта ш. канализация тутумуна өндүрүштүк агынды сууларды кабыл алууну кайра кароо жөнүндө

Токтом №01

“12” апрель 2021-ж.  №01                                                   Кара-Балта ш.

Кара-Балта ш. канализация тутумуна өндүрүштүк

агынды сууларды кабыл алууну кайра кароо жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана КБШКнын регламентин жетекчиликке алып, ЖЧК “Чайна Петроль Компани “Джунда”” (ЧПК “Джунда”) катынын, “Аква Пласт” ЖЧКнын “Джунда” ЧПК”” нефти кайра иштетүүчү заводунун тазалоочу курулмалары менен таанышуу жөнүндө  отчетунун негизинде, ошондой эле саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселелер жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 5-августундагы №1 чечимине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2015-жылдын 4-июнунда Кара-Балта шаардык кеңешинин №11 токтому менен бекитилген, шаардын канализация тутумуна кабыл алынган зыяндуу заттардын уруксаат берилген концентрациясынын ченемдери (БКЧ) бөлүгүндө Кара-Балта шаарынын канализация тутумуна өндүрүштүк агынды сууларды кабыл алуу эрежелерин өзгөртүү киргизилсин.
  • Кара-Балта шаарынын канализация тармагына нефть продуктуларынын төгүү үчүн уруксаат берилген концентратынын ченемдери (БКЧ) орнотуу – 3 мг / л (№ 1 тиркемеге ылайык)
  1. Белгиленген нормативден ашпоого тийиш.
  2. Баардык тазалоочу жайларды “Джунда” ЧПК ирээтке келтирсин. Тазалоочу жайлардын тейлөө кызматкерлери агынды сууларды тазалоо сапатына көзөмөлүн күчөтсүн.
  3. “Кара-Балта суу канал каналы” МИ жана ЖЧК “Джунда” ЧПК коомунун ортосундагы “Кара-Балта шаарынын канализация тармагына өндүрүштүк агынды сууларды кабыл алуу жөнүндө” келишим жыл сайын жаңылансын.
  4. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселелер жана инвестициялар боюнча жана өндүрүш, курулуш, транспорт, кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча ТДКга жүктөлсүн.

Таркатылсын: көктөмөгө, ТДК, Кара-Балта ш. мэриясына, КБ СК, ЖЧК «Джунда»

 

Кенештин төрагасы                                              А.Байсариев

 

 

 

Кара-Балта шаардык кеңешинин

“___”______2021-ж. №___токтомуна

№1 тиркеме

 

Шаардык канализацияга кабыл алынган  зыян заттардын уруксаат берилген концентрациясынын ченемдери

 

Заттардын аталышы ПДК мг/л
Эфирде эриген 15
Нефть заттары 3
Фенолдор 0,001
СПАВ 4,00
Кадмий 0,0008
Жез 1,0
Цинк 1,0
Никель 0,1
Цианиддер 0,005
Хром6+ 0,4
Хром3+ 4,0
Темир 5,0