29 март 2019 ж. Токтом № 2 Кара-Балта шаарынын башкармалыгынын мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнө караштуу “Универсал” муниципалдык чарбалык эсеп  ишканасынын уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

29 март 2019 ж. Токтом № 2 Кара-Балта шаарынын башкармалыгынын мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнө караштуу “Универсал” муниципалдык чарбалык эсеп  ишканасынын уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

ТОКТОМ  № 2   «29» март 2019 ж.

Кара-Балта шаарынын башкармалыгынын мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнө караштуу “Универсал” муниципалдык чарбалык эсеп  ишканасынын уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31, 36 беренелеринин негизинде  Кара-Балта шаарынын башкармалыгынын мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнө караштуу “Универсал” муниципалдык чарбалык эсеп  ишканасынын уюштуруу документтерин мыйзамдарга шайкеш келтирүү максатында, Кара-Балта шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Балта шаарынын мэриясы:
  • Кара-Балта шаарынын башкармалыгынын мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнүн алдындагы “Универсал” муниципалдык чарбалык эсепт ишканасынын аталышына өзгөртүү киргизилсин, жана төмөнкү редакцияда берилсин:

“Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу “Универсал” муниципалдык ишканасы”;

  • “Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу “Универсал” муниципалдык ишканасынын уставы иштеп жаткан мыйзамдарга шайкеш келтирилсин;
  • Киргизилген өзгөртүүлөрдүн долбоору уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы менен макулдашылсын;
  • Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу “Универсал” муниципалдык ишканасын каттоочу органынан кайра каттоодон өткөзүлсүн;
  • Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу “Универсал” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин алмашкандыгы туралуу каттоочу орган маалымдалсын.
  1. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылууну өзүмө калтырам.

 

Төрага                                                                                 А. Аалыев