09 август 2018ж. Токтом №11 МХП «Универсал» МЧИнин ишмердүүлүгүн жандандыруу жөнүндө

09 август 2018ж. Токтом №11 МХП «Универсал» МЧИнин ишмердүүлүгүн жандандыруу жөнүндө

Шаардык кеңештин депутаты Рыскулбек уулу Нурматтын Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы «Универсал» муниципалдык чарбалык ишканасынын ишмердигин жандандыруу жөнүндө маалыматын угуп, Кара-Балта шаардык кеңеши

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Шаардык кеңештин депутаты Рыскулбек уулу Нурматтын Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы «Универсал» муниципалдык чарбалык ишканасынын ишмердигин жандандыруу жөнүндө маалыматы эске алынсын.
  2. Кара-Балта шаардык мэриясы тарабынан «Универсал» муниципалдык чарбалык ишканасынын ишмердигин жандандыруу боюнча чаралар көрүлсүн.
  3. Кара-Балта шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмү «Универсал» муниципалдык чарбалык ишканасына тиешелүү документтерди даярдап, 2018-жылдын 1-сентябрына чейин Кара-Балта шаардык кеңешине берсин.
  4. Токтомдун аткарылыш көзөмөлубюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча, өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча, саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселер жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                  А.А.Аалыев