2018-жылдын 05 декабрнын №1 “Кара-Балта шаардык кеңеши” мекемесин каттоо жөнүндө

2018-жылдын 05 декабрнын №1 “Кара-Балта шаардык кеңеши” мекемесин каттоо жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 21 беренесинин 4 п. ылайык, Кара-Балта шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Төмөндөгү аталыштагы юридикалык жак катталсын:

Толук аталышы:

  • Кыргыз тилинде: «Кара-Балта шаардык кеңеши» мекеме
  • Орус тилинде: Учреждение «Кара-Балтинский городской кенеш»

Кыскартылган аталышы:

  • Кыргыз тилинде: «Кара-Балта шаардык кеңеши» мекеме
  • Орус тилинде: Учр-е «Кара-Балтинский городской кенеш»
  1. «Кара-Балта шаардык кеңеши» мекемесинин юридикалык дареги катары төмөнкү дарек аныкталсын: Кыргыз Республикасы, Чуй облусу, Жайыл района, Кара-Балта шаары, Кожомбердиева көчөсү 14.
  2. «Кара-Балта шаардык кеңеши» мекемесинин Регламенти бекитилсин.
  3. «Кара-Балта шаардык кеңеши» мекемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында катталсын, ошондой эле «Кара-Балта шаардык кеңеши» мекемеси Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын мамлекеттик каттоо учурунда аныктыгын, жана тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен юридикалык жакты түзүү маселелери макулдашылгандыгын тастыктайт.

Төрага                                                                         А.Аалыев