«Кошумча каржылоого каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө»
КБШК 2023-жылдын 16-февралындагы № 07
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу «Универсал» МИ директору Д.С.Ахметовдун Кара-Балта шаардык кеңешинин “Кошумча каржылоого каражаттарды бөлүү жөнүндө” 2023-жылдын 16-февралындагы № 07 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу маалыматын угуп, ошондой эле «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 07 “Кошумча каржылоого каражаттарды бөлүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-1-пункттагы “таштанды ташуучу унаалар” деген сөз “адистештирилген техника” деген сөз менен алмаштырылсын.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй – Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы М.Дуйшеналиев