2022-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча
планды жогорулатуу жөнүндө
2022-жылдын 22-декабрдагы №778-VII “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана 2022-жылдын 22-декабрындагы № 779-VII “2023-жылга республикалык бюджет жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бюджеттин киреше бөлүгү боюнча пландын такталганына байланыштуу бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн планы 29385,9 миң сомго, анын ичинде бюджет боюнча 27885,9 миң сомго жана атайын каражат боюнча 1500,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
- Кара-Балта шаарынын мэриясы төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөрдүн чыгашаларын көбөйтсүн:
– Бюджет боюнча:
Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы мүлккө муниципалдык менчик бөлүмү тарабынан 3111 «Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча план 10693,0 миң сомго көбөйтүлсүн (№ 8 тиркеме),
«Универсал» МИ 3112 «Машиналар жана жабдуулар» статьясы боюнча планды жогорулатууга – 10692,9 миң сом. (№ 9 тиркеме),
ББФМКБШБ 2231 «Коммуналдык чарба» статьясы боюнча планды жогорулатууга – 6500,0 миц сом.
Атайын каржаттар үчүн:
ББФМКБШБ 2218 «Тамак-аш сатып алуу» статьясы боюнча планды жогорулатууга -1500,0 миң сом.
- Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак-жай коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы М. Дуйшеналиев