2023-жылдын 16-февралындагы № 03 токтому

2023-жылдын 16-февралындагы № 03 токтому

2022-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча

планды жогорулатуу жөнүндө

 

2022-жылдын 22-декабрдагы №778-VII “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана 2022-жылдын 22-декабрындагы № 779-VII “2023-жылга республикалык бюджет жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бюджеттин киреше бөлүгү боюнча пландын такталганына байланыштуу бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн планы 29385,9 миң сомго, анын ичинде бюджет боюнча 27885,9 миң сомго жана атайын каражат боюнча 1500,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
  2. Кара-Балта шаарынын мэриясы төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөрдүн чыгашаларын көбөйтсүн:

– Бюджет боюнча:

Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы мүлккө муниципалдык менчик бөлүмү тарабынан 3111 «Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча план 10693,0 миң сомго көбөйтүлсүн (№ 8 тиркеме),

«Универсал» МИ 3112 «Машиналар жана жабдуулар» статьясы боюнча планды жогорулатууга – 10692,9 миң сом. (№ 9 тиркеме),

ББФМКБШБ 2231 «Коммуналдык чарба» статьясы боюнча планды жогорулатууга – 6500,0 миц сом.

Атайын каржаттар үчүн:

ББФМКБШБ 2218 «Тамак-аш сатып алуу» статьясы боюнча планды жогорулатууга -1500,0 миң сом.

  1. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак-жай коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы                                                 М. Дуйшеналиев