Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 2, 4-бөлүктөрүнө, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 36-беренелерине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаардык кеңешинин “Кара-Балта шаарынын 2022-жылга бюджетин жана Кара-Балта шаарынын 2023-2024-жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө” 2022-жылдын 26-январындагы № 01 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү:
- киреше салыгынын киреше бөлүгү боюнча пландын күтүлүп жаткан өсүшү жалпы суммага көбөйтүлсүн- 15 000,0 миң сом;
- киреше салыгы боюнча пландын ашыра аткарылышына байланыштуу бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн планы 15000,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
- Жылдырууларды жүргүзүү:
- Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу «Универсал» МИ № 9 тиркемеде кыскартылсын
– берене 2111 «Негизги маяна» – 4 200,0 миң сом суммасына азайсын;
– берене 2121 «Социалдык фондго төгүмдөр» – 724,5 миң сом суммасына азайсын;
Баардыгы: 4 924,5 миң сом суммасына азайсын.
- Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу В.И.Ленин атындагы Шаардык маданият сарайы № 4 тиркемеде кыскартылсын
-берене 2215 «Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» – 500,0 миң сом суммасына азайсын;
Кара-Балта шаарынын мэриясынын “Кварталдык комитеттердин төрагаларына чегерүү” № 4 тиркемеде жөнөтүлсүн жана көбөйтүлсүн.
– берене 2111 «Негизги маяна» – 468,0 миң сомго;
– берене 2121 «Социалдык фондго төгүмдөр» – 81,0 миң сомго.
Баардыгы: 549,0 миң сом суммага көбөйтүлсүн.
- Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу «Универсал» МИ № 9 тиркемеде көбөйтүү
- берене 2222 «Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу» көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн лампаларды сатып алууга – 1000,0 миң сом;
- № 4 тиркемеде көбөйтүлсүн
- берене 2231 «Коммуналдык кызматтар» жылуулук жана электр энергиясын керектөө үчүн төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөрүнө «Манас» СТга – 736,2 миң сом, В.И. Ленин атындагы ШМСга – 63,3 миң сом, А.С. Макаренко атындагы орто мектебине – 400,0 миң сом, ББФМКБШБ- 11 220,1 миң сом, сууга – 1000,0 миң сом жана электр энергиясына – 355,9 миң сом.
Бардыгы: 13775,5 миң сом.
- Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык мүлккө МБнүн №8 тиркемеде көбөйтүлсүн
– берене 2215 ” Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” табигый калдыктарды чыгаруу – 200,0 миң сом;
– берене 2221 «Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар» жолдорду оңдогоо – 1000,0 миң сом, мыйзамсыз коммерциялык объектилерди бузууга – 100,0 миң сом, жарыктандырууга лампаларды алмаштырууга кеткен чыгымдар – 500,0 миң сом.
Бардыгы: 1600,0 миң сом;
– берене 3111 “Имараттар жана курулуштар” боюнча балдар аянтчаларын курууга – 2400,0 миң сом.
Бардыгы: 4200,0 миң сом.
- Кара-Балта МФКнын чемпионатынын жана кубоктук беттештеринин жобосуна өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу, ошондой эле өткөн жылдардагы карыздарды төлөө үчүн 4-тиркемеге акча каражаттары жөнөтүлсүн.
– берене 2211 «Кызматтык кыдырууларга чыгашалар» боюнча – 500,0 миң сом (Ош облусуна алты жолу жана Баткен облусуна эки жолу);
– берене 2215 « Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» боюнча – 400,0 миң сом клубдук төлөмдү төлөөгө.
Бардыгы: 900,0 миң сом.
«Кара-Балта» МФКнын ичинде «Ижара акысы» 2213 беренесинен «Транспорттук кызмат көрсөтүү» 2214 беренесине 50,0 миң сом суммада жылдыруу жүргүзүлсүн.
- Кара-Балта шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу үчүн консультациялык кызмат көрсөтүүгө жана Кара-Балта шаарынын мэриясын оптималдаштырууга «Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» 2215 беренеси боюнча 485 100,0 сом каражат бөлсүн.
- 2022-жылдын 1-ноябрынан баштап Кара-Балта шаарындагы бала бакчада бир баланын бир күндүк тамактануусуна төлөмдүн өлчөмү ата-энелердин эсебинен 15,00 сомго көбөйтүлсүн. Азык-түлүккө жалпы төлөмдүн суммасы – 105,0 сом.
- Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу «Универсал» МИнын кызматкерлери бир айлык эмгек акысы менен сыйлансын, ошондой эле директору С.У.Жаманкуловдун кызматтык келишимин токтоткон жана бошотулган мезгилинин эмгек акысы кайра эсептелинип төлөнүп берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы М. Дуйшеналиев