«Кара-Балта шаарынын 2022-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө жана Кара-Балта шаарынын 2023-2024-жылдарга бюджетинин болжолу” 2022-жылдын 26-январындагы № 01 токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү 2022-жылдын 28-октябрындагы № 01 токтому.

«Кара-Балта шаарынын 2022-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө жана Кара-Балта шаарынын 2023-2024-жылдарга бюджетинин болжолу” 2022-жылдын 26-январындагы № 01 токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү 2022-жылдын 28-октябрындагы № 01 токтому.

Токтом № 1

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 2, 4-бөлүктөрүнө, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 36-беренелерине ылайык,  Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Балта шаардык кеңешинин “Кара-Балта шаарынын 2022-жылга бюджетин жана Кара-Балта шаарынын 2023-2024-жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө” 2022-жылдын 26-январындагы № 01  токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү:
  • киреше салыгынын киреше бөлүгү боюнча пландын күтүлүп жаткан өсүшү жалпы суммага көбөйтүлсүн- 15 000,0 миң сом;
  • киреше салыгы боюнча пландын ашыра аткарылышына байланыштуу бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн планы 15000,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
  1. Жылдырууларды жүргүзүү:
    • Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу «Универсал» МИ № 9 тиркемеде кыскартылсын

 – берене 2111 «Негизги маяна» – 4 200,0 миң сом суммасына азайсын;

берене 2121 «Социалдык фондго төгүмдөр» – 724,5 миң сом суммасына азайсын;

  Баардыгы: 4 924,5 миң сом суммасына азайсын.

  • Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу В.И.Ленин атындагы Шаардык маданият сарайы № 4 тиркемеде кыскартылсын

-берене 2215 «Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» – 500,0 миң сом суммасына азайсын;

Кара-Балта шаарынын мэриясынын Кварталдык комитеттердин төрагаларына чегерүү” № 4 тиркемеде  жөнөтүлсүн жана көбөйтүлсүн.

берене 2111 «Негизги маяна» – 468,0 миң сомго;

берене 2121 «Социалдык фондго төгүмдөр» – 81,0 миң сомго.

Баардыгы: 549,0 миң сом суммага көбөйтүлсүн.

  • Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу «Универсал» МИ № 9 тиркемеде көбөйтүү
  • берене 2222 «Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу» көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн лампаларды сатып алууга – 1000,0 миң сом;
    • № 4 тиркемеде көбөйтүлсүн
  • берене 2231 «Коммуналдык кызматтар» жылуулук жана электр энергиясын керектөө үчүн төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөрүнө «Манас» СТга – 736,2 миң сом, В.И. Ленин атындагы ШМСга – 63,3 миң сом, А.С. Макаренко атындагы орто мектебине – 400,0 миң сом, ББФМКБШБ- 11 220,1 миң сом, сууга – 1000,0 миң сом жана электр энергиясына – 355,9 миң сом.

Бардыгы: 13775,5 миң сом.

  • Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык мүлккө МБнүн №8 тиркемеде көбөйтүлсүн

берене 2215 ” Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” табигый калдыктарды чыгаруу  – 200,0 миң сом;

берене 2221 «Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар» жолдорду оңдогоо – 1000,0 миң сом, мыйзамсыз коммерциялык объектилерди бузууга – 100,0 миң сом, жарыктандырууга лампаларды алмаштырууга кеткен чыгымдар – 500,0 миң сом.

Бардыгы: 1600,0 миң сом;

берене 3111 “Имараттар жана курулуштар” боюнча балдар аянтчаларын курууга – 2400,0 миң сом.

Бардыгы: 4200,0 миң сом.

  • Кара-Балта МФКнын чемпионатынын жана кубоктук беттештеринин жобосуна өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу, ошондой эле өткөн жылдардагы карыздарды төлөө үчүн 4-тиркемеге акча каражаттары жөнөтүлсүн.

– берене 2211 «Кызматтык кыдырууларга чыгашалар» боюнча – 500,0 миң сом (Ош облусуна алты жолу жана Баткен облусуна эки жолу);

берене 2215 « Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» боюнча – 400,0 миң сом клубдук төлөмдү төлөөгө.

Бардыгы: 900,0 миң сом.

«Кара-Балта» МФКнын ичинде «Ижара акысы» 2213 беренесинен «Транспорттук кызмат көрсөтүү» 2214 беренесине 50,0 миң сом суммада жылдыруу жүргүзүлсүн.

  1. Кара-Балта шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу үчүн консультациялык кызмат көрсөтүүгө жана Кара-Балта шаарынын мэриясын оптималдаштырууга «Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу»  2215 беренеси боюнча 485 100,0 сом каражат бөлсүн.
  2. 2022-жылдын 1-ноябрынан баштап Кара-Балта шаарындагы бала бакчада бир баланын бир күндүк тамактануусуна төлөмдүн өлчөмү ата-энелердин эсебинен 15,00 сомго көбөйтүлсүн. Азык-түлүккө жалпы төлөмдүн суммасы – 105,0 сом.
  3. Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу «Универсал» МИнын кызматкерлери бир айлык эмгек акысы менен сыйлансын, ошондой эле директору С.У.Жаманкуловдун кызматтык келишимин токтоткон жана бошотулган мезгилинин эмгек акысы кайра эсептелинип төлөнүп берилсин.
  4. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы                                                 М. Дуйшеналиев