22.08.15-ж. № 03 Регламент, депутаттык этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде, ошондой эле «Кара-Балта шаарынын ардактуу атуулу» наамына көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматты, мекемелердин жана коомдук уюмдардын кайрылууларын эске алуу менен, Кара-Балта шаарынын экономикалык жана социалдык-маданий өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн, активдүү коомдук жана кайрымдуулук иштери үчүн, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Кара-Балта шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизилсин: 3.2. төмөнкүдөй редакциялансын «пенсия курагына жеткендер (пенсиялык күбөлүктөрү бар) Кара-Балта шаарынын ички каттамдарында коомдук транспортту пайдаланууда 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө акчалай компенсация алууга укуктуу”.
- Ушул токтомдун тиркемесине ылайык 2016-2022-жж. карата жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө “Кара-Балта шаарынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
- Кара-Балта шаарынын мэриясы токтомго ылайык, 2016-2022 жж. наам ыйгарылгандарга тапшыруу үчүн Кара-Балта шаарынын Ардактуу атуулу белгилерин, лентаны, күбөлүктөрүн, бир айлык мөөнөттө даярдоону камсыз кылсын.
- Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы М. Дуйшеналиев