Токтом № 10 17 август 2022-ж. “«Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын берүү Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

Токтом № 10 17 август 2022-ж. “«Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын берүү Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

22.08.15-ж. № 03 Регламент, депутаттык этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде, ошондой эле «Кара-Балта шаарынын ардактуу атуулу» наамына көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматты, мекемелердин жана коомдук уюмдардын кайрылууларын эске алуу менен, Кара-Балта шаарынын экономикалык жана социалдык-маданий өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн, активдүү коомдук жана кайрымдуулук иштери үчүн, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. “Кара-Балта шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизилсин: 3.2. төмөнкүдөй редакциялансын «пенсия курагына жеткендер (пенсиялык күбөлүктөрү бар) Кара-Балта шаарынын ички каттамдарында коомдук транспортту пайдаланууда 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө акчалай компенсация алууга укуктуу”.
  2. Ушул токтомдун тиркемесине ылайык 2016-2022-жж. карата жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө “Кара-Балта шаарынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
  3. Кара-Балта шаарынын мэриясы токтомго ылайык, 2016-2022 жж. наам ыйгарылгандарга тапшыруу үчүн Кара-Балта шаарынын Ардактуу атуулу белгилерин, лентаны, күбөлүктөрүн, бир айлык мөөнөттө даярдоону камсыз кылсын.
  4. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
  5. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы                                                       М. Дуйшеналиев

Токтом № 10 17-август 2022-ж.