Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, ошондой эле Кара-Балта шаарынын 2021-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасы боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча берилген маалыматты карап чыгып, Кара-Балта Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаарынын 2021-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасынын аткарылышы жөнүндө маалымат ушул токтомдун тиркемесине ылайык эске алынсын.
- Кара-Балта шаарынын мэри – Джекшенов Мирлан Ратымбекович, талкуунун жүрүшүндө айтылган депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылга карата СЭӨПти иштеп чыгууда эске алсын.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилип жана катталыш үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлүн бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри – М.Р. Джекшеновго жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы М. Дуйшеналиев