«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31 – беренесине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин Регламентинин, ошондой эле шаардык кеңештин депутаттарынын жазуу жүзүндөгү ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайрылуусунун негизинде, Кара-Балта шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы – Ажыматов Азамат Темиркатовичке ишеним көрсөтүлбөсүн жана мөөнөтүнөн мурда кызмат ордунан бошотулсун.
- “Кара-Балта шаардык кеңешинин ХХХ-чакырылышынын төрагасын шайлоо жөнүндө” 2022 – жылдын 26 – апрелиндеги № 1 Токтому күчүн жоготту деп эсептелинсин.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
Төрагалык кылган
“Социал Демократ” с/п депутаты Н. Ладожинская