“Күрөш залына Т.Б.Суюмбаевдин атын ыйгаруу жөнүндө”
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 36, 39-беренелерине ылайык, ошондой эле Кара-Балта шаарынын тургундарынын, КБШКнын депутаттар тобунун кайрылуусун эске алып, «жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө, дене тарбияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн жана жаш муун спортчуларга мотивациялоо максатында», Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы «Манас» спорт комплексинин күрөш залына Суюмбаев Таалайбек Бектуровичтин ысымы ыйгарылсын.
- Кара-Балта шаарынын мэриясы, Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы «Манас» спорт комплексинин күрөш залына Суюмбаев Таалайбек Бектуровичтин ысымын ыйгаруу боюнча зарыл болгон документтерди иретке келтирсин.
- Атты ыйгаруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, ыктыярдуу төгүмдөрдүн эсебинен төлөнсүн.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилип жана катталыш үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри
Д.Б. Шакирбаевге жүктөлсүн.
Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, Кара – Балта шаарынын мэриясынын алдында “Манас” СКга, Кара-Балта шаарынын мэриясына, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине.
Кеңештин төрагасынын
орун басары Р. Джолдошбаев