“Күрөш залына Т.Б.Суюмбаевдин атын ыйгаруу жөнүндө” 2021-жылдын 23-ноябрындагы № 01 токтому.

“Күрөш залына Т.Б.Суюмбаевдин атын ыйгаруу жөнүндө” 2021-жылдын 23-ноябрындагы № 01 токтому.

Токтом № 01 23.11.2021-ж.

“Күрөш залына Т.Б.Суюмбаевдин атын ыйгаруу жөнүндө

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 36, 39-беренелерине ылайык, ошондой эле Кара-Балта шаарынын тургундарынын, КБШКнын депутаттар тобунун кайрылуусун эске алып, «жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө, дене тарбияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн жана жаш муун спортчуларга мотивациялоо максатында», Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы «Манас» спорт комплексинин күрөш залына Суюмбаев Таалайбек Бектуровичтин ысымы ыйгарылсын.
  2. Кара-Балта шаарынын мэриясы, Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы «Манас» спорт комплексинин күрөш залына Суюмбаев Таалайбек Бектуровичтин ысымын ыйгаруу боюнча зарыл болгон документтерди иретке келтирсин.
  3. Атты ыйгаруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, ыктыярдуу төгүмдөрдүн эсебинен төлөнсүн.
  4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилип жана катталыш үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  5. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри

Д.Б. Шакирбаевге жүктөлсүн.

Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, Кара – Балта шаарынын мэриясынын алдында “Манас” СКга, Кара-Балта шаарынын мэриясына, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине.

 

 

Кеңештин төрагасынын

орун басары                                                                                   Р. Джолдошбаев