“Кара-Балта шаарынын 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жж. шаардын бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө”
2021-жылдын 08 апрелиндеги № 3 Токтомго
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28, 31, 36 – беренелерине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2021 – жылдын 9 айынын бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы боюнча “Кара-Балта шаарынын 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жылдарга Кара-Балта шаардын бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө” 2021 – жылдын 08 – апрелиндеги № 3 Кара-Балта шаардык кеңешинин Токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин:
- киреше салыгынын киреше бөлүгү боюнча пландын күтүлгөн көбөйүсүнө карата жалпы суммасы көбөйтүлсүн – 20543,0 миң сом;
- № 8 тиркемеде статья ичинде төмөнкү иштер кыскартылсын:
араб үйлөрү үчүн документтерди алуу – 200,0 миң сом;
дары -дармектерди сатып алуу – 300,0 миң сом;
Почтовый көч. Тротуар салуу – 500,0 миң сом;
Көчөлөрдүн жолун оңдоп түзөө – 1000,0 миң сом;
КДС (Коллектордук дренаждык система) – 400,0 миң сом;
Аскердик даңк музейи – 400,0 миң сом;
№ 11 орто мектептин канализация тармагын капиталдык оңдоо – 1700,0 миң сом;
Т.Кожомбердиева көч. Жайыл -Баатыр көчөсүнүн кесилишинде жөө адамдар үчүн светофор орнотуу – 500,0 миң сом;
“Бокс залынын” чатырын оңдоо – 1150,0 миң сом;
жолдорду капиталдык оңдоо – 6700,0 миң сом;
балдар-спорт аянтчасын куруу – 995,7 миң сом;
В.И. Ленин атындагы ШМС чатырын капиталдык оңдоо – 1600,0 миң сом;
мектеп, мектепке чейинки мекемелерди эмерек сатып алуу – 500,0 миң сом
коопсуз шаар (50 камера комплектери менен) – 1700,0 миң сом;
лизинг жана / же атайын техника сатып алуу – 4000,0 миң сом.
Бардыгы 21645,7 миң сомго.
- «Имараттар жана курулмалар» 3111 статьясынан – 1000,0 миң сом суммасына “Манас” СТнан кредит төмөн карай кыскартылып, которулсун.
Жалпы суммасы – 43 188,7 миң сом (21 645,7 + 1 000,0 + 20 543,0) мүлккө ММБге төмөнкү статьялардын көбөйүшүнө которулсун:
“Соттун чечимин аткаруу” 2823 статьясына – 10893,3 миң сом “ЛОТ” ЖЧКсына жана “КСК” МИге карыздарды төлөөгө;
“Соттун чечимин аткаруу” 2823 -статьясына – 21 187,7,7 миң сом;
“Имараттар жана курулмалар” 3111 статьясына – 3200,0 миң сом суммасында “Дельфин” балдар бакчасынын жылытуу системасын, өрт коопсуздук системасын ж.б. оңдоо иштерин аяктоого;
“Учурдагы оңдоо” 2221 статьясына – 2 456,7 миң сом орто мектептердин, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин күнүмдүк, авариялык ремонтуна, анын ичинен № 4 орто мектепке – 1000,0 миң.сом.
ББФМКШБге “Коммуналдык кызматтар” 2231 статьясына – 5451,0 миң сом, анын ичинен: жылуулук энергиясына төлөө үчүн – 3 000,0 миң сом, электр энергиясына – 2000,0 миң сом, сууга – 451,0 миң сом.
3.Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б. Шакирбаевге жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы А. Байсариев