2021-жылдын 18-октябрындагы № 1 Токтому. “Кара-Балта шаарынын 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жж. шаардын бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө” 2021-жылдын 08 апрелиндеги № 3 Токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

2021-жылдын 18-октябрындагы № 1 Токтому. “Кара-Балта шаарынын 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жж. шаардын бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө” 2021-жылдын 08 апрелиндеги № 3 Токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

токтом № 01 18.10.2021ж.

“Кара-Балта шаарынын 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жж. шаардын бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө”

2021-жылдын 08 апрелиндеги № 3 Токтомго  

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28, 31, 36 – беренелерине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2021 – жылдын 9 айынын бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы боюнча “Кара-Балта шаарынын 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жылдарга Кара-Балта шаардын бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө” 2021 – жылдын 08 – апрелиндеги № 3 Кара-Балта шаардык кеңешинин Токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • киреше салыгынын киреше бөлүгү боюнча пландын күтүлгөн көбөйүсүнө карата жалпы суммасы көбөйтүлсүн – 20543,0 миң сом;
  • № 8 тиркемеде статья ичинде төмөнкү иштер кыскартылсын:

араб үйлөрү үчүн документтерди алуу – 200,0 миң сом;

дары -дармектерди сатып алуу – 300,0 миң сом;

Почтовый көч. Тротуар салуу – 500,0 миң сом;

Көчөлөрдүн жолун оңдоп түзөө – 1000,0 миң сом;

КДС (Коллектордук дренаждык система) – 400,0 миң сом;

Аскердик даңк музейи – 400,0 миң сом;

№ 11 орто мектептин канализация тармагын капиталдык оңдоо – 1700,0 миң сом;

Т.Кожомбердиева көч. Жайыл -Баатыр көчөсүнүн кесилишинде жөө адамдар үчүн светофор орнотуу – 500,0 миң сом;

“Бокс залынын” чатырын оңдоо – 1150,0 миң сом;

жолдорду капиталдык оңдоо – 6700,0 миң сом;

балдар-спорт аянтчасын куруу – 995,7 миң сом;

В.И. Ленин атындагы ШМС чатырын капиталдык оңдоо – 1600,0 миң сом;

мектеп, мектепке чейинки мекемелерди эмерек сатып алуу – 500,0 миң сом

коопсуз шаар (50  камера комплектери менен) – 1700,0 миң сом;

лизинг жана / же атайын техника сатып алуу – 4000,0 миң сом.

Бардыгы 21645,7 миң сомго.

  • «Имараттар жана курулмалар» 3111 статьясынан – 1000,0 миң сом суммасына “Манас” СТнан кредит төмөн карай кыскартылып, которулсун.

Жалпы суммасы – 43 188,7 миң сом (21 645,7 + 1 000,0 + 20 543,0) мүлккө ММБге төмөнкү статьялардын көбөйүшүнө которулсун:

“Соттун чечимин аткаруу” 2823 статьясына – 10893,3 миң сом “ЛОТ” ЖЧКсына жана “КСК” МИге карыздарды төлөөгө;

“Соттун чечимин аткаруу” 2823 -статьясына – 21 187,7,7 миң сом;

“Имараттар жана курулмалар” 3111 статьясына – 3200,0 миң сом суммасында “Дельфин” балдар бакчасынын жылытуу системасын, өрт коопсуздук системасын ж.б. оңдоо иштерин аяктоого;

“Учурдагы оңдоо” 2221 статьясына – 2 456,7 миң сом орто мектептердин, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин күнүмдүк, авариялык ремонтуна, анын ичинен № 4 орто мектепке – 1000,0 миң.сом.

ББФМКШБге “Коммуналдык кызматтар” 2231 статьясына – 5451,0 миң сом, анын ичинен: жылуулук энергиясына төлөө үчүн – 3 000,0 миң сом, электр энергиясына – 2000,0 миң сом, сууга – 451,0 миң сом.

3.Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б. Шакирбаевге жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы                                                                                                                                                                  А. Байсариев