«08»апрель2021-ж. №01 Кара-Балта ш.
Кара-Балта ш. жогорку жана орто медициналык
окуу жайларынын студенттерин клиникалык
база менен камсыз кылуу жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана КБШКнын регламентин жетекчиликке алып, Кара-Балта шаарындагы Н.И.Пирогова атындагы Медициналык колледжинин мүдүрү Ж.К. Сариеванын жазуу жүзүндөгү жана Кара-Балта шаарындагы медициналык билим берүү мекемелеринин студенттеринин кайрылуусунун негизинде, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктуна ылайык, анда шаардык кеңеш жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартиби коюлат, Кыргыз Республикасынын “Саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” Мыйзамынын 24-пункту, ошондой эле саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселелер жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2021-жылдын 29-мартындагы №3 чечимине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жайыл районунун жалпы дерыгерлик практика борбору (ЖР ЖДПБ) Кара-Балта шаарынын медициналык билим берүү мекемелеринин студенттерин практикалык окутуу үчүн клиникалык база менен камсыз кылсын.
- Жайыл райондук жалпы медициналык практика борборунун (ЖР ЖДПБ) жетекчилиги саламаттыкты сактоо уюмунун практикалык иш-аракеттер боюнча өз ара аракеттенүүсү максатында Кара-Балта шаарынын жогорку жана орто кесиптик медициналык билим берүү мекемелери менен студенттерди окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо үчүн келишим түзсүн.
- Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселелер жана инвестициялар боюнча ТДКга жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы А.Байсариев