«08»апрель2021-ж. №01 Кара-Балта ш. жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө

«08»апрель2021-ж. №01 Кара-Балта ш. жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө

«08»апрель2021-ж. №01                         Кара-Балта ш.

 

Кара-Балта ш. жогорку жана орто медициналык

окуу жайларынын студенттерин клиникалык

база менен камсыз кылуу жөнүндө

 

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана КБШКнын регламентин жетекчиликке алып,  Кара-Балта шаарындагы Н.И.Пирогова атындагы Медициналык колледжинин мүдүрү                Ж.К. Сариеванын жазуу жүзүндөгү жана Кара-Балта шаарындагы медициналык билим берүү мекемелеринин студенттеринин кайрылуусунун негизинде, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктуна ылайык, анда шаардык кеңеш жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартиби коюлат, Кыргыз Республикасынын “Саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” Мыйзамынын 24-пункту, ошондой эле саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселелер жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын              2021-жылдын 29-мартындагы №3 чечимине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жайыл районунун жалпы дерыгерлик практика борбору (ЖР ЖДПБ) Кара-Балта шаарынын медициналык билим берүү мекемелеринин студенттерин практикалык окутуу үчүн клиникалык база менен камсыз кылсын.
  2. Жайыл райондук жалпы медициналык практика борборунун (ЖР ЖДПБ) жетекчилиги саламаттыкты сактоо уюмунун практикалык иш-аракеттер боюнча өз ара аракеттенүүсү максатында Кара-Балта шаарынын жогорку жана орто кесиптик медициналык билим берүү мекемелери менен студенттерди окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо үчүн келишим түзсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселелер жана инвестициялар боюнча ТДКга жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы                                                                     А.Байсариев

Тескеме №01