Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө ММБ башчысынын м.а. Т.А.Элебесовдун Кара-Балта шаарындагы №1 башталгыч мектеби үчүн жаңы имарат куруунун долбоордук-сметалык документтерин түзүү жөнүндөгү маалыматын угуп, жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 01-5/1138 катынын 2-пунктунун негизинде Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө ММБ башчысынын м.а. Т.А.Элебесовдун Кара-Балта шаарынын №1 башталгыч мектеби үчүн жаңы имарат курууга- 500,0 миң сом суммасындагы (болжолдуу сумма) долбоордук-сметалык документтерин түзүү жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
- Кара-Балта шаарынын №1 башталгыч мектеби үчүн жаңы имарат куруунун долбоордук-сметалык документтерин түзүү үчүн – 500, 0 миң сом өлчөмүндө (болжолдуу сумма) каражат бөлүү маселеси 2019-жылдын бюджетинде каралсын.
- Токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Төрага А.А. Аалыев