19сентябрь 2018ж. Токтом № 8 Кара-Балта ш. №1 башталгыч мектеби үчүн жаңы имарат куруу жөнүндө

19сентябрь 2018ж. Токтом № 8 Кара-Балта ш. №1 башталгыч мектеби үчүн жаңы имарат куруу жөнүндө

Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө ММБ башчысынын м.а.  Т.А.Элебесовдун Кара-Балта шаарындагы №1 башталгыч мектеби үчүн жаңы имарат куруунун долбоордук-сметалык документтерин түзүү жөнүндөгү маалыматын  угуп, жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 01-5/1138 катынын 2-пунктунун негизинде Кара-Балта шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө ММБ башчысынын м.а. Т.А.Элебесовдун Кара-Балта шаарынын №1 башталгыч мектеби үчүн жаңы имарат курууга- 500,0 миң сом суммасындагы (болжолдуу сумма)  долбоордук-сметалык документтерин түзүү   жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
  1. Кара-Балта шаарынын №1 башталгыч мектеби үчүн жаңы имарат куруунун долбоордук-сметалык документтерин түзүү үчүн – 500, 0 миң сом өлчөмүндө (болжолдуу сумма) каражат бөлүү маселеси 2019-жылдын бюджетинде каралсын.
  2. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                               А.А. Аалыев