“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 32-беренесине, Кара-Балта шаардык кеңешинин Регламентинин 2.1 пунктуна, өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 18.09.2018-ж. № 1 чечимине ылайык, ошондой эле «СДПК» фракциясынын депутаты Р.А. Мурадыловдун арызынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өндүрүш, курулуш, транспорт жанакичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагалыгына «СДПК» фракциясынын депутаты – Раманкулов Бакыт Сыргатаевич бекитилсин.
- Шаардык кеңештин 19.02.2018-ж. №5 “Туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагаларын бекитүү жөнүндө” токтомдун №1тиркемесинин 2-пункту «өндүрүш, курулуш, транспорт жанакичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы – РаманкуловБакытСыргатаевич» редакцияда жазылсын.
- Токтомдун аткарылыш көзөмөлүн өзүмө калтырам.
Төрага А.А. Аалыев