19 сентябрь 2018ж. Токтом № 6 Кара-Балта шаардык кеңешинин 19.02.2018-ж. № 5 “Туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

19 сентябрь 2018ж. Токтом № 6 Кара-Балта шаардык кеңешинин 19.02.2018-ж. № 5 “Туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 32-беренесине, Кара-Балта шаардык кеңешинин Регламентинин 2.1 пунктуна, өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 18.09.2018-ж. № 1 чечимине ылайык, ошондой эле «СДПК» фракциясынын депутаты Р.А. Мурадыловдун арызынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Өндүрүш, курулуш, транспорт жанакичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагалыгына «СДПК» фракциясынын депутаты – Раманкулов Бакыт Сыргатаевич бекитилсин.
  2. Шаардык кеңештин 19.02.2018-ж. №5 “Туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагаларын бекитүү жөнүндө” токтомдун №1тиркемесинин 2-пункту «өндүрүш, курулуш, транспорт жанакичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы – РаманкуловБакытСыргатаевич» редакцияда жазылсын.
  3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлүн өзүмө калтырам.

 

Төрага                                                               А.А. Аалыев