Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 13-сентябрында № 01-5/1138 кайрылуусунун негизинде, орто мектептин жылуулук системасынын ремонтунун долбоорунан Кара-Балта шаарынын мэриясынын мүлккө ММБ тарабынан кетирген кемчиликти эске алуу менен, Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнүн жетекчисинин м. а. Т.А. Элебесовдун маалыматы эске алынсын.
- №3 орто мектебин жылуулук сезонуна өз убагында жана сапаттуу даярдоо максатында, Кара-Балта шаардык мэриясына жогоруда аталган мектептин азыркы жылуулук системасы талапка жооп берген натыйжалуу жылуулук берүү системасына алмаштырууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылыш көзөмөлү билим, жаштар боюнча, маданият, спорт жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Төрага А.А. Аалыев