19 сентябрь 2018ж. Токтом№ 4 Кара-Балта шаарынын№3 орто мектептин жылуулук системасын алмаштырууга уруксат берүү жөнүндө

19 сентябрь 2018ж. Токтом№ 4 Кара-Балта шаарынын№3 орто мектептин жылуулук системасын алмаштырууга уруксат берүү жөнүндө

Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 13-сентябрында № 01-5/1138 кайрылуусунун негизинде, орто мектептин жылуулук системасынын ремонтунун долбоорунан Кара-Балта шаарынын мэриясынын мүлккө ММБ тарабынан кетирген кемчиликти эске алуу менен, Кара-Балта шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнүн жетекчисинин м. а. Т.А. Элебесовдун маалыматы эске алынсын.
  2. №3 орто мектебин жылуулук сезонуна өз убагында жана сапаттуу даярдоо максатында, Кара-Балта шаардык мэриясына жогоруда аталган мектептин азыркы жылуулук системасы талапка жооп берген натыйжалуу жылуулук берүү системасына алмаштырууга макулдук берилсин.
  3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү билим, жаштар боюнча, маданият, спорт жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                         А.А. Аалыев