Кара-Балта шаардык кеңешинин 04.04.2018ж. №3 токтомун аткаруу үчүн Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаарынын мэриясы “Кара-Балта шаарынын №1 орто мектебинин канализациясын капиталдык ремонттоо” боюнча мамлекеттик сатып алуулардан үнөмдөлгөн каражатты, түзүлгөн келишимдин суммасынын 25% чыгарып салуу менен (Кара-Балта шаарынын №1 орто мектебинин канализациясынын капиталдык ремонтунун кошумча иштерине) “Манас” спорт комплекстин санитардык түйүнүн курулушуна бөлүнүп берилсин.
- Токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Төрага А.А.Аалыев