09 август 2018ж. Токтом №12 «Манас»СКнын күрөш залынын санитардык түйүндүн курулушун каржылоо жөнүндө

09 август 2018ж. Токтом №12 «Манас»СКнын күрөш залынын санитардык түйүндүн курулушун каржылоо жөнүндө

Кара-Балта шаардык кеңешинин 04.04.2018ж. №3 токтомун аткаруу үчүн Кара-Балта шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Балта шаарынын мэриясы “Кара-Балта шаарынын №1 орто мектебинин канализациясын капиталдык ремонттоо” боюнча мамлекеттик сатып алуулардан үнөмдөлгөн каражатты, түзүлгөн келишимдин суммасынын 25% чыгарып салуу менен (Кара-Балта шаарынын №1 орто мектебинин канализациясынын капиталдык ремонтунун кошумча иштерине) “Манас” спорт комплекстин санитардык түйүнүн курулушуна бөлүнүп берилсин.
  2. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                        А.А.Аалыев