Өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча жана уюштуруу укук маселерди, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиялардын биргелешкен отурумунун «Жалпы аянты 1130,0 м2 жер участоктун Р-2 зонасынан Ц-4 зонасына которуу жөнүндө» №1 2018-жылдын 6-августундагы чечимине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча жана уюштуруу укук маселерди, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиялардын биргелешкен отурумунун «Жалпы аянты 1130,0 м2 жер участогу Р-2 зонасынан Ц-4 зонасына которуу жөнүндө» № 1 2018-жылдын 6-августундагы чечими эске алынсын.
- Киргизияга 40 жыл көчөсү, 8а (мурдагы балдар бассейни) дарегинде жалпы аянты 1130,0 м2 жер участогу Р-2 зонасынан Ц-4 зонасына которулсун.
- Токтомдун аткарылыш көзөмөлү өндүрүш, курулуш, транспорт жанакичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жана Кара-Балта шаарынын вице-мэри Э.К.Орозбаковко жүктөлсүн.
Төрага А.А. Аалыев