09 август 2018ж. Токтом № 6 Киргизияга 40 жыл көчөсү, 8а (мурдагы балдар бассейни) дареги боюнча жер участоктун зонасын өзгөртүү жөнүндө

09 август 2018ж. Токтом № 6 Киргизияга 40 жыл көчөсү, 8а (мурдагы балдар бассейни) дареги боюнча жер участоктун зонасын өзгөртүү жөнүндө

Өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча жана уюштуруу укук маселерди, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиялардын биргелешкен отурумунун «Жалпы аянты 1130,0 м2 жер участоктун Р-2 зонасынан Ц-4 зонасына которуу жөнүндө» №1 2018-жылдын 6-августундагы чечимине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча жана уюштуруу укук маселерди, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиялардын биргелешкен отурумунун «Жалпы аянты 1130,0 м2 жер участогу Р-2 зонасынан Ц-4 зонасына которуу жөнүндө» № 1 2018-жылдын 6-августундагы чечими эске алынсын.
  2. Киргизияга 40 жыл көчөсү, 8а (мурдагы балдар бассейни) дарегинде жалпы аянты 1130,0 м2 жер участогу Р-2 зонасынан Ц-4 зонасына которулсун.
  3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү өндүрүш, курулуш, транспорт жанакичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жана Кара-Балта шаарынын вице-мэри Э.К.Орозбаковко жүктөлсүн.

 

Төрага                                                               А.А. Аалыев