Уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – Г.А.Сарсембаевдин «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө маалыматынын, Кара-Балта шаарынын мэриясынын жана Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнүн жамаатынын өтүнүчүнүн негизинде, Кара-Балта шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Ак ниеттүү эмгеги үчүн, Кара-Балта шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүгө салым кошкон үчүн” Кара-Балта шаарынын мэри – Шабданов Данияр Автандиловичке «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылсын.
- Кара-Балта шаарынын мэри – Шабданов Данияр Автандиловичке «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылгандыгына байланыштуу, Кара-Балта шаардык кеңештин аппараты керектелүүчү документтерди даярдасын.
- Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
Төрага А. Аалыев