7 март 2018 ж. Токтом № 9 «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө

7 март 2018 ж. Токтом № 9 «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө

Уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – Г.А.Сарсембаевдин «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө маалыматынын, Кара-Балта шаарынын мэриясынын жана Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнүн жамаатынын өтүнүчүнүн негизинде, Кара-Балта шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Ак ниеттүү эмгеги үчүн, Кара-Балта шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүгө салым кошкон үчүн” Кара-Балта шаарынын мэри – Шабданов Данияр Автандиловичке «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылсын.
  2. Кара-Балта шаарынын мэри – Шабданов Данияр Автандиловичке «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылгандыгына байланыштуу, Кара-Балта шаардык кеңештин аппараты керектелүүчү документтерди даярдасын.
  3. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

 

Төрага                                                                                      А. Аалыев