Кышкы (жабык) сүзүү бессейндин техникалык абалы жөнүндө корутундусу жана «Манас» спорт комплексинин карамагына жайкы сүзүү бассейнди кайтаруу жөнүндө депутат М.Т.Токомбаеванын сунушун карап чыгып, Кара-Балта шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаарынын Гвардейская көчөсүндө жайгашкан жайкы сүзүү бассейнин “Манас” спорт комплексинин карамагына кайтаруу боюнча Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан токтоосуз чара көрүлсүн.
- 2018-2020-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясынын алкагында, шаардык кеңештин депутаттык корпусу жана Кара-Балта шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын тиешелүү ведомстволоруна “Манас” спорт комплексинин жабык (кышкы) сүзүү бассейнин капиталдык оңдоого акча каражат бөлүп берүүгө кайрылсын.
- Коммунистик, № 2 көчөсүндө жайгашкан “Манас” спорт комплексинин жабык (кышкы) сүзүү бассейнин капиталдык оңдоого кошумча финансылоо булактары изделсин.
- Токтомдун аткарылышы бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Төрага А. Аалыев