7 март 2018 ж. Токтом № 7 «Манас» спорт комплексинин карамагына жайкы сүзүү бассейнин кайтаруу жана кышкы (жабык) сүзүү бассейндин абалы жөнүндө

7 март 2018 ж. Токтом № 7 «Манас» спорт комплексинин карамагына жайкы сүзүү бассейнин кайтаруу жана кышкы (жабык) сүзүү бассейндин абалы жөнүндө

Кышкы (жабык) сүзүү бессейндин техникалык абалы жөнүндө корутундусу жана «Манас» спорт комплексинин карамагына жайкы сүзүү бассейнди кайтаруу жөнүндө депутат М.Т.Токомбаеванын сунушун карап чыгып, Кара-Балта шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Балта шаарынын Гвардейская көчөсүндө жайгашкан жайкы сүзүү бассейнин “Манас” спорт комплексинин карамагына кайтаруу боюнча Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан токтоосуз чара көрүлсүн.
  2. 2018-2020-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясынын алкагында, шаардык кеңештин депутаттык корпусу жана Кара-Балта шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын тиешелүү ведомстволоруна “Манас” спорт комплексинин жабык (кышкы) сүзүү бассейнин капиталдык оңдоого акча каражат бөлүп берүүгө кайрылсын.
  3. Коммунистик, № 2 көчөсүндө жайгашкан “Манас” спорт комплексинин жабык (кышкы) сүзүү бассейнин капиталдык оңдоого кошумча финансылоо булактары изделсин.
  4. Токтомдун аткарылышы бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                  А. Аалыев