Кара-Балта шаарынын территориясындагы жашоочулардан,
уюмдардан жана башка чарба жүргүзүүчү субьектерден
тиричиликтик катуу таштандыларын чыгарууга
«ТехПроект» ЖЧКнун тарифин бекитүү жөнүндө
Кара-Балта шаардык кеңешинин
ТОКТОМУ
«Кара-Балта шаарынын территориясындагы жашоочулардан,
уюмдардан жана башка чарба жүргүзүүчү субьектерден
тиричиликтик катуу таштандыларын чыгарууга
«ТехПроект» ЖЧКнун тарифин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча” Мыйзамынын 31 – бөлүмүнүн 14 – беренесине ылайык (муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү), Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Тиричиликтик катуу таштандыларын чыгаруу тарифтери бекитилсин:
- Кара-Балта шаарынын жашоочуларына – бир адамдан 16,00 сом өлчөмүндө, 0,31 сом (сатык салымы) ушунун ичинде;
- Кара-Балта шаарынын бюджеттик уюмдарына – 1,0 куб. м 220,00 сом өлчөмүндө (баардык салыктарды эске алуу менен);
- Кара-Балта шаарынын чарба жүргүзүүчү субьектерине – 1,0 куб. м 280,00 сом өлчөмүндө (баардык салыктарды эске алуу менен);
- Ченемдик укутук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинде катталсын.
- Токтомдун аткарылышы бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча, өндүрүш, курулуш, транспорт, кичи жана орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Кара-Балта шаардык кеңешинин
төрагасы А.А. Аалыев
07 март 2018 ж.