№ 6. Кара-Балта шаарынын территориясындагы жашоочулардан, уюмдардан жана башка чарба жүргүзүүчү субьектерден тиричиликтик катуу таштандыларын чыгарууга «ТехПроект» ЖЧКнун тарифин бекитүү жөнүндө

№ 6. Кара-Балта шаарынын территориясындагы жашоочулардан, уюмдардан жана башка чарба жүргүзүүчү субьектерден тиричиликтик катуу таштандыларын чыгарууга «ТехПроект» ЖЧКнун тарифин бекитүү жөнүндө

Кара-Балта шаарынын территориясындагы жашоочулардан,
уюмдардан жана башка чарба жүргүзүүчү субьектерден
тиричиликтик катуу таштандыларын чыгарууга
«ТехПроект» ЖЧКнун тарифин бекитүү жөнүндө

 

Кара-Балта шаардык кеңешинин

ТОКТОМУ

 

«Кара-Балта шаарынын территориясындагы жашоочулардан,

уюмдардан жана башка чарба жүргүзүүчү субьектерден

тиричиликтик катуу таштандыларын чыгарууга

«ТехПроект» ЖЧКнун тарифин бекитүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча” Мыйзамынын 31 – бөлүмүнүн 14 – беренесине ылайык (муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү), Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Тиричиликтик катуу таштандыларын чыгаруу тарифтери бекитилсин:
  • Кара-Балта шаарынын жашоочуларына – бир адамдан 16,00 сом өлчөмүндө, 0,31 сом (сатык салымы) ушунун ичинде;
  • Кара-Балта шаарынын бюджеттик уюмдарына – 1,0 куб. м 220,00 сом өлчөмүндө (баардык салыктарды эске алуу менен);
  • Кара-Балта шаарынын чарба жүргүзүүчү субьектерине – 1,0 куб. м 280,00 сом өлчөмүндө (баардык салыктарды эске алуу менен);
  1. Ченемдик укутук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинде катталсын.
  2. Токтомдун аткарылышы бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча, өндүрүш, курулуш, транспорт, кичи жана орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча  туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.

 

 

Кара-Балта шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                                     А.А. Аалыев

 

07 март 2018 ж.