2021-жылдын 18-октябрындагы № 3 тескемеси. Кара-Балта шаарынын мэриясынынын «Манас» СТ «Олимпиец» кышкы бассейнинин атын өзгөртүү жөнүндө

2021-жылдын 18-октябрындагы № 3 тескемеси. Кара-Балта шаарынын мэриясынынын «Манас» СТ «Олимпиец» кышкы бассейнинин атын өзгөртүү жөнүндө

тескеме № 03 18.10.2021-ж.

Кара-Балта шаарынын   мэриясынынын

 «Манас» СТ «Олимпиец» кышкы бассейнинин

 атын өзгөртүү жөнүндө

 

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 28, 31, 36 – беренелерине ылайык, Кара-Балта кеңешинин сессиясы

                                                           БУЮРМА КЫЛАТ:

  1. Кара-Балта шаарынын мэриясынын “Манас” спорт топтомунун “Олимпиец” кышкы бассейни Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу – Зверев Анатолий Степановичтин ысымы берилсин.
  2. Бул буюрма Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Кара-Балта шаарынын мэриясы “Олимпиец” кышкы бассейнинин атын өзгөртүү үчүн бардык тиешелүү документтерди ылайыкка келтирсин.
  4. Бул буюрманын аткарылыш көзөмөлү уюштуруу – укуктук маселелерди, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына,  ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б Шакирбаевге жүктөлсүн.

 

 

 

Кенештин төрагасы                                                                       А.Байсариев