09 август 2018ж. Токтом № 10 Тынчтык к. баштап (Свердлов, Калинин, К. Маркс, Т. Владимирова көчөлөрү боюнча) Жайыл баатыр көчөсүнө чейинки жер участокторунун зоналары жөнүндө

09 август 2018ж. Токтом № 10 Тынчтык к. баштап (Свердлов, Калинин, К. Маркс, Т. Владимирова көчөлөрү боюнча) Жайыл баатыр көчөсүнө чейинки жер участокторунун зоналары жөнүндө

Өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасынын орун басары Б.С. Раманкуловдун  «Тынчтык к. баштап (Свердлов, Калинин, К. Маркс, Т. Владимирова көчөлөрү боюнча) Жайыл баатыр көчөсүнө чейинки жер участокторунун зоналары Ц-4 (жергиликтүү маанидеги тейлөө жана коммерциялык активдүүлүк зонасы) зонасынан Ц-1 (шаар борборунун зонасы) зонасына өткөрүү жөнүндөгү маалыматын угуп, Кара-Балта шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасынын орун басары Б.С. Раманкуловдун «Тынчтык к. баштап (Свердлов, Калинин, К. Маркс, Т. Владимирова көчөлөрү боюнча) Жайыл батыр көчөсүнө чейинки жер участокторунун зоналары Ц-4 (жергиликтүү маанидеги тейлөө жана коммерциялык активдүүлүк зонасы) зонасынан Ц-1 (шаар борборунун зонасы) зонасына өткөрүү жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
  2. Тынчтык к. баштап (Свердлов, Калинин, К. Маркс, Т. Владимирова көчөлөрү боюнча) Жайыл баатыр көчөсүнө чейинки жер участокторунун зоналары Ц-4 (жергиликтүү маанидеги тейлөө жана коммерциялык активдүүлүк зонасы) зонасынан Ц-1 (шаар борборунун зонасы) зонасына өткөрүлсүн.
  3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                         А.А. Аалыев