РЕГЛАМЕНТИ

Шаардык кеңештин 2012-жылдын 25-декабрындагы

№1 токтомуна

                                                                                                          01.11.2018 карата өзгөртүү,

                                                                                                               толуктоолорду киргизүү

                                                                                                                            боюнча Тиркеме

 

 

Кара-Балта шаардык кеңешинин

РЕГЛАМЕНТИ

 

 

I-бап. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-бөлүм. Кара-Балта шаардык кеңеши

2-бөлүм.Шаардык кеңештин ыйгарым укуктары

 

II-бап. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ

3-Бөлүм. Шаардык кеңештин төрагасы жана орун басары

4-Бөлүм.Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

 

 III-бап. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЖАЛПЫ ИШТӨӨ ТАРТИБИ

5-Бөлүм.Шаардык кеңештин биринчи сессиясы

6-Бөлүм.Шаардык кеңештин ишин пландоо

7-Бөлүм.Сессияда каралчу маселелерди даярдоо жана кароо тартиби

8-Бөлүм.Шаардык кеңештин сессиясын өткөрүү тартиби

9-Бөлүм.Добуш берүү жана чечим кабыл алуу тартиби

10-Бөлүм.Шаардык кеңештин жыйындарынын протоколдору жана стенограммасы

11-Бөлүм.Шаардык кеңештин ченемдик-укуктук актылары

 

IV-бап. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ

12-Бөлүм.Кара-Балта шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тартиби

 

Кара-Балта шаардык кеңешинин бул Регламенти Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына 15.07.2011ж., 101,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамына 13.01.2000ж. № 3 (КРнын 05.08.2008ж. мыйзамынын редакциясы боюнча) жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттик тарабынан бекитилген Кара-Балта шаардык кеңешинин жана анын органдарынын ишмердүүлүгүнүн тартибин аныктаган 29.09.2008-жылдагы Типтик регламентинин негизинде иштелип чыкты.

I-БАП. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

             1-Бөлүм. Кара-Балта шаардык кеңеши.

1.1.      Бишкек шаардык кеңеш –Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү бащкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кара-Балта шаардык өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүк органы болуп саналат.

Кара-Балта шаардык кеңеши сессиялык негизде иш алып барган, шаардын тиешелүү аймагында жашаган жарандар тарабынан жалпыга бирдей, тең, түз добуш берүү укугуна ылайык жашыруун добуш берүү аркылуу 4 жылдык мөөнөт менен шайланган 31 депутаттан турат.

1.2.     Кара-Балта шаардык кеңеши(мындан ары – шаардык кеңеш), Шаардык Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарынын чегинде шаар калкынын кызыкчылыгын колдойт жана тиешелүү аткаруучу органдар аркылуу маселелерди өз алдынча чечет жана ал чечимдердин аткарылышына козөмөл кылат жана юридикалык макамга ээ.

1.3.     Шаардык кеңештин анын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген чечимдери шаардын аймагында жайгашкан бардык ишкана, мекеме, уюм жана башка бирикмелер тарабынан менчиктин түрүнө карабастан аткарылууга тийиш жана шаардык өзүн өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, жарандары, жарандык макамы жок шаарда жашаган бардык адамдар тарабынан аткарылууга тийиш.

1.4.     Шаардык кеңештин жана анын органдарыны ишмердүүлүгүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен, жергиликтүү коомчулуктун Уставы жана бул Регламент менен аныкталат.

Шаардык кеңештин ишинин негизги уюштурма-укуктук формасы сессия болуп саналат.

1.5.     Шаардык кеңештин Регламенти шаардык кеңештин ыйгамрым укуктарын ишке ашыруу тартибин, аны уюштуруу жана ишмердүүлүгү боюнча маселелерди, сессия чакыруу жана өткөрүүнүн тиртибин, шаардык кеңештин органдарын түзүү жана анан козөмол кылуу ишмердүүлүгүнүн тартиби менен процедурасын бекитет.

1.6.     Шаардык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиалдуулук, саясий көп түрдүүлүк, көп

партиялуулук, объективдүүлүк, маселелерди эркин талдоо жана депутаттар тарабынан

чечимдерди кабыл алуу принциптерине негизделет. Сессияга катышуу үчүн сессияга киргизилген маселелерди кароого кызыккан жактар

чакырылат.

Шаардык кеңештин сессиясы ачык өткөрүлөт. Бул Регламентте каралган жагдайларда шаардык кеңеш жабык жыйын өткөрүүгө укуктуу.

1.7.     Шаардык кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутатарынын статусу жөнүндө” мыйзамында жана башка ченемдик-укуктук актыларында, ошондой эле бул Регламентте аныкталган кепилдиктердин негизинде эч тоскоолдуксуз укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууга укуктуу.

1.8.    Шаардык кеңештин шайланган депутаттарыдепутаттык фракцияларга биригишет. Шаардык кеңештеги көпчүлүк болуп шаардык кеңеште депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болгон фракция коалициясын тузгөнү туурасында расмий түрдө жарыялаган фракция же фракциялар коалициясы эсептелет.

Көпчүлүктү түзгөн фракцияга же фракциялар коалициясына кирбеген фракция же фракциялар шаардык кеңештеги азчылыка болуп саналат.

2-Бөлүм.Шаардык кеңештин ыйгарым укуктары

2.1.      Кара-Балта шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын в соответствии с Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык төмөнкү маселелерди карайт жана чечим чыгарат:

  • жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин аныктоо;
  • шаардын бюджетин жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу;
  • шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун Программасын бекитүү жана анын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү, алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү;
  • мыйзамдарда каралган учурларга ылайык депутаттардын ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу, фракциядан чыккан учурлардан башка учурларда;
  • жергиликтүү коомчулукгун муниципалдык менчигин тескөөнүн тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик обьектисин менчиктештирүүнүн программасын  бекитүү, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашыруу;
  • Кенештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана аларды кызматынан бошотуу, Кенештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
  • жергиликтүү коомчулуктун Уставын бекитүү;
  • мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына киргизүү үчүн административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунушту иштеп чыгуу;
  • Кара-Балта шаардык кеңешинин Регламентин кабыл алуу;
  • кабыл алган чечимдеринин аткарылышына көзөмө жүргузүү;
  • Өкмөт тарабынан аныкталган нормативдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунунадминистративдик органдарынын түзүмүн, штаттык бирдигин бекитүү;
  • Депуттардын депутаттык милдеттерин аткаруу, шаардык кеңештин жана анын органдарынын чечимдерин, тапшырмаларын аткаруу боюнча депутаттардын отчетторун угат;
  • туруктуу депутаттык комиссияларды түзүү, тандоо жана курамын өзгөртүү;
  • Кара-Балта шаарынын мэринин жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун тиешелүу аткаруу органдарынын ишмердүүлүгү боюнча отчетун;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муздак суу, агындылоо (канализация) жылуулуктан пайдалануунун, ошондой эле таштандыларды ташып чыгаруу кызматы боюнча тарифтерди бекитет;
  • Депутаттардын суроо-арыздарын карайт жана алар боюнча чечим чыгарат;
  • Шаар мэрин шайлоо;
  • Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамдарында каралган Эрежелерге ылайык шаар мэрине ишеним көрсөтпөйт;
  • Шаар жерлерине салыктын мыйзамдарда каралган базалык ченинин (ставкасынын) чегинде дифференциалдык (жиктелген) ченин киргизүү;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү коомдоштуктун (сообщества) Уставына ылайык башка маселелерди чечүү.
  • Шаардык кеңештин фракцияларын, коалицияларын түзүү;
  • алкоголдук ичимдиктерди, тамекини сатуу ордун, анын убактысын чектөө, керек болсо тыюу салу жана каада-салтка (ритуалдык) байланышкан иш-чараларды өткөрүүнүн Эрежесин аныктоо;
  • -ирригациялык тармактарды, үй алдындагы участокторду (барчаларды) кармоонун тартибин аныктайт;
  • вице-мэрлерди, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин, мэрия аппаратынан башкасын кызматка дайындоого макулдук берүү;
  • шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине ишеним көрсөтпөө чечимин депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки бөлүгү менен кабыл алуу, натыйжада аларды кызматтан алуу;

 

 II-БАП. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ

3-Бөлүм.  Шаардык кеңештин төрагасы жана орун басары.

3.1.     Шаардык Кеңештин төрагасы сессияда шаардык кеңештин депутаттарынын арасынан шаардык кеңештин ыйгарым укуктары бүткөн мөөнөткө чейин жашыруун добуш менен шайланат.

Шаардык кеңештин төрагасына талапкерди көрсөтүу укугу фракцияларга же фракциялар коалициясына берилет. Фракция же фракциялар коалициясы бир талапкер көрсөтүүгө укуктуу.

Шаардык кеңештин төрагасын шайлоо депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышкан учурда жарактуу деп эесептелет.

Шаардык Кеңешке шайланган депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушуна ээ болгондо төрага шайланды деп эсептелинет.

Шаардык Кеңештин төрагасынын шайланышы жөнүндө шаардык Кеңештин токтому кабыл алынат.

Шаардык кеңештин төрагасына талапкерлерди көрсөтүү жана аны шайлоо тартиби шаардык кеңештин регламенти менен аныкталат.

3.2.     Өз милдетин аткарбаган же талапка ылайык аткарбаган учурда шаардык Кенештин төрагасы шаардык Кенештин депутаттарынын же фракцияларынын үчтөн биринин демилгеси менен депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добуш менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн;

Шаардык кеңештин төрагасы илимий, педагогикалык же башка чыгармачыл ишмердүүлүктөрдөн башка айлык төлөнчү кызмат ордуларын ээлебейт.

3.3.      Шаардык кеңештин төрагасы:

  • шаардык Кеңештин сессиясын чакырат жана төрагалык кылат
  • шаардык кеңештин сессиясын өткөрүүнү, каралчу маселелерди даярдоого жалпы жетекчилик кылат;

 

  • Шаардык Кеңештин токтомуна кол коет, алардын аткарьшышын көзөмөлдөйт;
  • шаардык Кеңештин туруктуу жана башка комиссияларынын, депутаттык топтордун ишин координациялайт;
  • депутаттарга өз ыйгарым укуктарын аткарууга, шайлоочулардын алдында отчет берүүгө көмөк көрсөтөт. Депутаттардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууга байланышкан маселелерди шаардык Кеңеште кароо үчүн сунуштарды даярдайт;
  • шаардык Кеңештин жана анын органдарынын иши тууралуу ачык маалымдуулукту жана коомдук пикирди эске алууну камсыз кылат;
  • шаардык кеңеш тапшырган башка милдеттерди аткарат;
  • Жергиликтүү кеңештердин төрагалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сыйлыктарга, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын тапшырууга сунуш бере алышат.

Шаардык кеңештин төрагасынын эки орун басары болот.

3.4.    Заместители председателя городского кенеша:

3.5.    Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарлары сессияда жалпы депутаттардын ичинен копчүлүк коалициядан жана азчылык коалициядан бирден жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү менен шайланат.

 

Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө шаардык кеңеш токтом кабыл алат.

Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси менен көпчүлүк добуш аркылуу кызматынын бошотулушу мүмкүн.

Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары:

  • Шаардык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок учурларда же өз милдетин аткара албаган учурларда анын милдеттерин аткарат;
  • Ишмердүүлүгүн коомдук негизде жүргузөт.

4Бөлүм. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

4.1.      Кара-Балта шаардык кеңешиКыргыз Республикасынын«Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык депутаттардын ичинен туруктуу комиссияларды тузөт, зарыл болгон учурларда шаардык кеңешке тийиштүү болгон маселелерди кароо үчүн  убактылуу комиссия түзө алат.

4.2.      Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө  түзүлөт. Комиссиялардын тизими жана алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби шаардык кеңеш тарабынан аныкталат.Шаардык кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарыл болгон учурларда жаңы туруктуу же убактылуу комиссияларды тузүп же таратып, кайра түзүп, курамын өзгөртө алат.

Шаардык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү болот алат.

Комиссиянын ьардык мүчөлөрү бирдей укукка ээ.

Туруктуу комиссиянын курамына шаардык кеңештин төрагасы жана анын орун басары  шайлана албайт.

Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү ачык добуш берүү аркылуу өз ичинен төрагасын жана анын орун басарын шайлайт, аларды ачык добуш берүү аркылуу шаардык кеңеш бекитет. Туруктуу комиссиянын төрагасы шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болсо бекитилет.

Туруктуу комиссиянын иши иши мыйзамдуулук, коллегиалдуулук, саясий көп түрдүүлүк, көп

партиялуулук, объективдүүлүк, маселелерди эркин талдоо жана чечимдерди кабыл алуу принциптерине негизделет.

Туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.

Шаардык кеңештин депутаттары көпчүлүктү түзгөн фракцияга же фракциялар коалициясына бириккен учурларда, азчылыкты түзгөн фракция же фракциялар коалициясына бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссия өткөрүлүп берилет.

4.3.     Туруктуу комиссияларды жетектөөнү комиссиялардын төрагалары жүргузөт. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңешке баш иет жана отчет берет. Туруктуу комиссиялардын чечимдери шаардык кеңештин сессиясы менен жокко чыгарылышы мүмкүн.

Туруктуу комиссиясы өз ишине окумуштууларды, адистерди, кызматкерлерди жана башка жактарды тартууга укуктуу.

4.4.      Шаардык Кеңеш тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарына кирген маселелерди кароо, иликтөө максатында убактылуу комиссиялар да түзүлүшү мүмкүн.

Убактылуу комиссия шаардык кеңеш тарабынан туруктуу комиссиялар үчүн бекитилген тартип боюнча иш алып барат.

4.5.      Туруктуу комиссиянын жыйынында добуш берүү укугу жок негизде клмиссияга мүчө эмес тиешелүү кеңештин депутаттары катыша алат.

Бир нече комиссиянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон маселелер комиссиялардын демилгеси менен же жергиликтүү кеңештердин тапшырмасы менен бирге даярдалып, бирге каралышы мүмкүн.

III-БАП. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИНИН ЖАЛПЫ ТАРТИБИ

5-Бөлүм.  Шаардык кеңештин биринчи сессиясы.

5.1.     Сессия – шаардык кеңештин ишинин негизгиуюштуруу-укуктук формасы болуп саналат. Сессияны өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөтү шаардык кеңештин Регламенти менен аныкталат.

5.2.     Кайра шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясы мурдагы шаардык кеңештин төрагасы тарабынан шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өткөндөн кийин эки жумадан кем эмес убакыт ичинде чакырылат. Биринчи сессияны жашы боюнча эң улуу депутат ачат. Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибинде шаардык кеңештин Регламентин кароо, шаардык кеңештин төрагасын жана орун басарларын шайлоо жана башка кеңештин ишмердүүлүгүндө маанилүү болгон маселелер киргизилет.

Шаардык кеңештин сессиясы 2 айда бир, бир жылда 6 жолу чакырылат, шашылыш чакырылган учурлардан башка.

Шаардык кеңештин сессиясы жалпы депутаттардын санынын жарымынан көбү катышкан учурда жарактуу деп эсептелет. Шаардык кеңеш өз чечимдерин шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчулүгү менен кабыл алат, эгер мыйзамда башка нерсе каралбаса.

6-Бөлүм. Шаардык кеңештин ишин пландоо.

6.1.      Шаардык кеңештин иши күнүмдүк жана келечек пландарга негизделет. Пландын долбоору Кара-Балта шаардык кеңеши тарабынан депутаттардын, туруктуу комиссиялардын сунуштары менен бир жылга түзүлөт жана Кара-Балта шаардык кеңешине бекитүү үчун сунушталат.

6.2.      Шаардык кеңештин иш планына маселелерди киргизүү укугуна депутаттык фракциялар, колациялар, туруктуу комиссиялар жана Кара-Балта шаарынын мэри ээ.

6.3.     Шаарды кеңештин иш планын бекитүү учурунда сунушталган маселелер боюнча документтердин долбоорлору болушу керек.

Шаардык кеңештин ишин пландоодо планга кирбеген тартипте шаардык кеңешке документтердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте киргизүүгө жол берилет.

Бөлүм. 7. Сессияны өткөрүүгө даярдык көрүү жана маселелерди кароо тартиби 

7.1.      Шаардык кеңештин кароосуна бул Регламентте бекитилген тартипте сунушталган документтердин топтому төмөнкүлөрдү камтышы керек:

  • Каралчу маселени даярдоого жооптуу болгон адам тарабынан кол коюлган, доклад жасачу адамдын ким экендиги көрсөтүлгөн коштомо кат. Эгер документ шардык кеңеш тарабынан мурда кабыл алынган токтомду аткаруу максатында даярдалган болсо, коштомо катта тиешелүү шилтеме жасалат;
  • Шаардык кеңештин токтомунун долбоору.

Эгер шаардык кеңештин токтомунун долбоорунда материалдык жана финансылык ресурстарды келиши же сарпталышы камтылса, документти иштеп чыккандар каржылоо булагы көрсөтүлгөн тиешелүү эсептөөлөрдү (экономикалык негиздөө)  бериши керек.

7.2.     Шаардык кеңештин токтомунун долбоору шаардык кеңештин аппараты тарабынан туруктуу комиссияларга жөнөтүлөт. Шаардык кеңештин төрагасы бир же бир нече туруктуу окмиссияга токтом долбоорун алдын ала талкуулоо уюштуруун сунуштоого укуктуу.

Шаардык кеңеш тарабынан токтом долбоору каралганга чейин алдын ала талкуу коомдук угуу, депутаттык угуу түрүндө талкуулар өткөрүлүшү мүмкүн.

7.3.     Шаардык кеңештин сессиясында маселени кароонун негизги процедуралары:

  • Бул Регламентте карлаган тартипте доклад, кош докладдар;
  • Доклад жасагандарга суроо берүү, аларга жооп берүү;
  • Каралып жаткан маселе боюнча талкуу;
  • Доклад жасагандардын жыйынтыктоо сөзү;
  • Добуш берүү мотиви боюнча сөз сүйлөө;
  • Документти негиз катары кабыл алуу;
  • Негиз катары кабыл алынган документтин долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү;
  • Жалпы документти кабыл алуу боюнча добуш берүү.

7.4.     Шаардык кеңеш тарабынан токтом долбоору каралып жатканда анын негизги жоболору талкууланат, аны кабыл алуу зарылдыгы боюнча маселе каралат, токтом долбоорунун концепциясына жалпы баа берилет.

7.5.    Кезексиз сөз сүйлөөгө алдын ала жазылбаган негизде шаардык кеңештин төрагасы анын орун басары жана шаар мэри гана укуктуу.

7.6.     Шаардык кеңештин төрагасы сессия учурунда күн тартибиндеги маселе боюнча сүйлөнгөн сөздөрдүн маанисине, сөз сүйлөөнүн узактыгына көз салып, зарыл болгон учурларда эскерте алат.

Эгер соз сүйлөп жаткан адам төрагалык кылып жаткан адамдын эскертүүлөрүнө кулак салбаса, ар-намыска шек келтирген создөрдү айтса, төрагалык кылуучу аны тартипке чакырып, сөз сүйлөө укугунан ажырата алат.

7.7.     Жарыш сөздөр бүткөндөн кийин доклад жасоочулар жыйынтыктоочу соз сүйлөөгө укуктуу, добуш берүү мотивдери боюнча соз сүйлөөгө орун берилет жана документ долбоорун негиз катары кабыл алуу маселеси добушка коюлат.

Туруктуу комиссиялар жарыш сөздөрдүн жыйынтыгына жараша документ долбоору негиз катары кабыл алына электе ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. Туруктуу комиссиялардын сунушу менен шаардык кеңештин сессиясы протоколдук чечим менен документ долбоорун кароону кийинки сессияга калтырып коюуга укуктуу.

7.8.     Шаардык кеңештин сессиясында документтин долбоору негиз катары кабыл алына электе депутаттар расмий түрдө документти жазуу же оозеки арыз аркылуу артка чакырып ала алат. Бул учурда жарыш создөр токтотулат. Сессия тарабынан документ долбоорунун үстүндөө андан ары иштөө мөөнөтү бекитилет.

7.9.    Токтом долбоору боюнча талкуунун жыйынтыгы менен шаардык кеңеш төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

1) токтом долбоорун жалпысынан кабыл алуу;

2) токтом долбоорун анын жоболорун талкуулоо аркылуу кабыл алуу;

3) токтом долбоорун биринчи окулушунда кабыл алып, айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен анын үстүндө иштөөнүн улантуу.

7.10.   Токтом долбоорун анын жоболорун талкуулоо менен кароодо бардык түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштар угузулуп, талкууга коюлуп, добуш берүүгө чыгарылат.

Четке кагылган сунуш тиешелүү жооптуу комиссияга кайра иштеп келүүгө жөнөтулөт, макул эмес туруктуу комиссия өз вариантын сунуштайт.

Биринчи туруктуу комиссиянын сунуштары добушка коюлат. Андан соң депутаттардын сунушу. Эгер шаардык кеңеш тарабынан эч бир сунуш колдоо таппаса, ал пункт четке кагылды деп эсептелет.

7.11.    Токтомдо аны ишке ашыруу тартиби бекитилет, маселен:

1) мөөнөттөр такталат, белгилүү бир пункттардын же жалпы токтомдун ишке ашыруу амалы аныкталат;

2) мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуучу органдарга жана кызмат адамдарына так тапшырмалар берилет, ченемдик укуктук актыларды жакшыртуунун, аларды кабыл алынган токтомго ылайыкташтыруунун мөөнөттөрү аныкталат.

7.12.    Шаардык кеңештин ар бир токтомунда жана чечиминде аны аткарууга жооптуу болгон адам көрсөтүлөт.

Көзөмөлдүн максаты документтин жоболорунун ишке ашырылышынын натыйжалуулугунун деңгээлин, аларды аткарууну кыйындатып жаткан себептер, аларды аткарууга тоскоол болуп жаткан адамдарды аныктоо жана аларды жоопко тартуу болуп саналат ошондой эле зарыл болгон учурларда документтин жоболорунун аткарылышы сот аркылуу камсыздоо. Бул айтылган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн шаардык кеңеш көзөмөлдү жүктөгөн адамга же органга эч кандай атайын ишеним кат талап кылынбайт.

Токтомдун же чечимдин тиешелүү пунктунда аткаруучунун аты-жөнү же шаардык кеңештин структуралык тузүмүнүн аталышы жана аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.

7.13.    Токтомдун аткарылышынын жүрушү жөнүндө угуудан кийин шаардык кеңеш укуктуу:

  • Токтом аткарылды деген негизде ага көзөмөлдү алууга;
  • Токтомдун айрым бир пунктары аткарылды деген негизди аларга карата көзөмөлдү алууга;
  • Көзөмөл кылуу укуктарын узартууга;
  • Козөмөл жүргузүү укуктарын башка адамга же органга өткөрүп берүүгө;
  • Токтомду жокко чыгарууга;
  • Токтомду өзгөртүүгө же толуктоого;
  • Кошумча токтом кабыл алууга.

7.14.    Көзөмөл кылуу боюнча отчет берүү мөөнөтү же токтомдун өзүндө бекитилет же шаардык кеңештин төрагасы тарабынан бекитилет.

7.15.    Сессиянын протоколунда белгиленет:

  • Сессиянын өткөрүлчү орду, күнү, шаардык кеңештин чакырылышынын жылы, сессиянын кезек неомери;
  • Сессияга катышкан депутаттардын саны жана жалпы шаардык кеңештин депутаттарынын саны;
  • Сессиядагы күн тартибине коблган маселе жана доклад жасоочу адамдын аты-жөнү;
  • Сессияда соз сүйлөгөндөрдүн тизмеси;
  • Добуш берүүнүн жыйынтыгы;
  • Сессиянын жүрүшүндө сунушталган кошумча материалдар.

Депутаттардын фамилиясы алар кайсы партиядан же фракциядан экени көрсөтүлөт, башкалардын аты-жөнү жана кызматы көрсөтүлөт..

7.16.    Сессиянын протоколу сессия өз ишин жыйынтыктагандан кийин 3 күндөн кем эмес убакыт ичинде толтурулуп, төрага тарабынан кол коюлат. Протоколдун көчүрмөсү шаардык кеңештин сессиясынын токтомун толуктап иштеп чыгуу үчүн бир жумалык мөөнөт ичинде толтурулат.

7.17.    Протоколдун түп нускасы шаардык кеңештин жооптуу катчысына сактоого берилет. Депутаттын өтүнүчү менен шаардык кеңештин аппараты таанышуу үчүн протоколдун көчүрмөсүн берет.

7.18.    Депутаттардын табелдик каттоо баракчасы шаардык кеңештин аппаратында сакталат.

Негиз катары кабыл алынган документтердин долбоорлорунун тексттеринин жана аларга киргизилген түзөтүүлөрдүн түп нускасышаардык кеңештин аппаратында сакталат.

7.19.   Документ кабыл алынгандан кийин бир жумалык мөөнөт ичинде аппараттын кызматкерлери документтин долбоорун аткаруучулар менен биргеликте аны тиешелүү формага келтиришет. Шаардык кеңештин сессиясынын токтому документке өзгөртүү киргизген депуттар тарабынан визалагандан кийин шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат. Сессиянын токтомуна тиркемеге шаардык кеңештин жооптуу катчысы кол коет.

7.20.   Шаардык кеңештин сессиясы тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылар алар кабыл алынгандан кийин 3 күндүн ичинде шаардык кеңештин аппараты тарабынан туруктуу комиссияларга, шаар мэрине жана башка кызыктар тараптарга таркатылат.

Шаардык кеңештин кайрылуу тексттери алардын адресаттарына биринчи кезекте жөнөтүлөт.

8-Бөлүм.Шаардык кеңештин сессиясын өткөрүү тартиби.

8.1.      Шаардык кеңештин сессиясы ачык өткөрүлөт.Шаардык кеңештин сессиясы шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмес бөлүгүнүн талабы менен кварталына биржолудан кем эмес чакырылат.Шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө маалымат депутаттарга сессияга чейин үч күндөн кеч эмес кабарланат.

Шаардык кеңештин сессиясы шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын

жарымынан көбү болгондо укук ченемдүү.

Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу шаардык кеңештин сессияларынан тышкары

кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.

Сессиянын кароосуна маселелерди шаардык кеңештин төрагасы, туруктуу комиссия, депутаттардын тобу жана шаар мэри киргизет алат.

Шаардык кеңештин жабык сессиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

8.2.      Сессия жыйындарында докладдарга 10 мүнөт, тең докладдарга 7 мүнөткө чейин убакыт берилет. Жарыш создөргө чыккандарга 5 мүнөткө чейин. Көпчүлүк депутаттардын макулдугу менен төрагалык кылуучу докладдын же сөз сүйлөөнүн убактысын узартышы мүмкүн.

 

8.3.      Сессияга кеңеш берүүчү катары мамлекеттик бицлик органдарынын өкүлдөрү катыша алат.

8.4.      Шаардык кеңеш ар бир сессияда күн тартибин жана иш тартибин катышып жаткан депутаттардын көпчүлүк добушу менен бекитет.

8.5.      Өзгөчө учурларда күн тартибине шаардык кеңештин чечими менен түздөн-түз шаардык кеңештин сессиясында көтөрүлгөн маселелер киргизилиши мүмкүн. Куң тартибине кошумча маселелерди киргизүү чечими ар бир маселе боюнча жыйынга катышып жаткан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

8.6.      Кара-Балта шаардык кеңешинин аппараты шаардык кеңештин сессиясын уюштурма-техникалык жактан камсыз кылууну ишке ашырат:

  • Талкууланчу маселелер боюнча чечимдердин долбоорлору жана башка материалдар шаардык кеңештин депутаттарына таанышуу үчүн сессияга чейин эки жумадан кем эмес мурда убакытта берилет;
  • Шаардык кеңештин депутаттарына сессияны даярдоого, күн тартибин, документтердин долбоорлорун жана аларга алымча-кошумчаларды даярдоого, анын ичинде шаардык кеңештин депутаттарынын өз ара аракеттенуусүн камсыз кылууга көмөктөшөт.
  • Шаардык кеңештин депуаттардын көрсөтмөсү менен сессияга катышуусу зарыл болгон адамдарды чакырат;
  • Депутаттарды табелдик каттоону жүргүзөт;
  • Шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган документтерди толуктап-толтурат дарады басып чыгарууну камсыздайт.

8.7.      Сессияда күн тартиби аныкталгандан кийин, талкуу күн тартибинде көрсөтулгөн тартипте жүрөт.

8.8.      Кайсы бир себептердин натыйжасында каралбай калган маселелер кийинки сессиянын кароосуна калтырылат.

8.9.      Шаардык кеңештин сссиясы жабык түрдө өтүшү мүмкүн. Бул учурда сессия шаардык кеңештин жабык сесссия өткөрүү боюнча чечиминин негизинде өткөрүлөт.

8.10.    Сессияга катышкан депутаттардын саны табелдик каттоонун негизинде гана аныкталат.

Депуттарды табелдик каттоо ар бир сессиянын алдында жүргузүлөт жана ал бүткөнчө каттоо убактысын көрсотүү менен улантылат.

8.11.    Жыл бою себепсиз сессияга келбеген депутаттардын тизмеси шаардык кеңештин чечими менен шаардык массалык маалымат каражаттарына жарыялоого берилиши мүмкүн.

Бир жыл ичинде себепсиз төрт жолу сессияга келбеген жана шаардык кеңештин чечимдерин, тапшырмаларын аткарбаган депутаттарга карата, депутаттык макамын кароо маселеси көпчүлүк депутаттардын добушу менен көтөрүлүшү мүмкүн.

Депутаттардын сессияга себептүү келбешине документалдык далилдер кабыл алынат: оорусу, жумушчу сапары, расмий эс алуу ж.б.

8.12.    Шаардык кеңештин протоколодук  чечими менен шаардык кеңештин сессиясынын жумушчу органдары тузүлүшү мүмкүн (секретариат, эсеп комиссиясы, ал эи зарыл болсо башка комиссиялар.

8.13.    Шаардык кеңештин кезексик сессиясы төраганын жеке демилгеси менен, туруктуу комиссиялардын демилгеси менен же депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес бөлүгүнүн демилгеси менен же Кара-Балта шаарынын мэри тарабынан чакырылышы мүмкүн.

Кезекси сессия аны чакыруу боюнча сунуш түшкөндөн кийин 7 күндөн кеч эмес убакыт ичинде өткөрулүшү керек. Кезексиз сессия чакыруу боюнча сунуш төрагага жазуу жүзүндө жөнөтүлөт, анда каралчу маселе көрсөтүлөт жана кезексиз жыйын өткөрүүгө негиздер айтылат.

Уезексиз сессия өткөн учурда күн тартибинин долбоору жана каралчу маселелерге карата материалдар сессиянын алдында каттоо учурунда таркатылат.

8.14.    Шаардык кеңештин сессиясын төрагалык кылуучу алып барат. Сессияга төрагалык кылуучу шаардык кеңештин төрагасы болуп саналат. Ал жок болгон учурларда шаардык кеңештин төрагасынын орун басары төрагалык кылат.

Сессияга төрагалык кылуучу эгер каралып жаткан маселе боюнча өзү доклад жасай турган болсо сессияны алып барууну башкага өткөрүп бериши керек.

8.15.   Шаардык кеңештин сессиясына төрагалык кылуучунун укуктары:

  • чыгып сүйлөөчү эгерде ал бул регламентти бузганда, күн тартиби боюнча

сүйлөбөгөндө, кемсинтүү сөздөрүн пайдаланганда сөз сүйлөө укугунан ажыратууга;

  • депутаттарга жана кызматтык жактарга маалымкаттар үчүн кайрылууга;
  • пландалбаган жарыш сөздөрдү токтотууга;
  • депутаттарды тартипке чакырууга
  • залда өзгөчө кырдаал, ошондой эле коомдук тартипти одоно бузган учур пайда
  • болгондо, сессияны токтотууга.

 

8.16.    Шаардык кеңештин сессиясы учурунда сессиянын катышуучулары сессияга төрагалык кылуучунун макулдугу менен сөз айта алат.

8.17.    Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • бул регламентти жана күн тартибин сактоого;
  • сессияда депутаттардын укуктарынын сакталышын; камсыз кылууга;
  • сессиянын жыйындар залында тартиптин сакталышын камсыз кылууга;
  • сөз сүйлөө убактыларынын сакталышын камсыз кылууга, белгиленген убакыттын аяктагандыгы жөнүндө сөзсүйлөөчүгө өз убагында эскертүүгө;
  • бардык түшкөн сунуштарды белгилөөгө жана аларды түшкөн тартибинде добушка
  • коюуга, добуш берүүнүн жыйынтыгын билдирүүгө
  • кезек тартиби боюнча сөз берүүгө;
  • сессиянын катышуучуларына сый мамиле жасоого, сессиянын катышуучуларына жеке
  • эскертүүлөрдү жана баяндамаларга баа берүүдөн, чечмелөөдөн өзүн-өзү токтотууга;
  • эрежелер жана процедуралар боюнча комиссия өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүн, түшүндүрүүлөрүн эске алууга;

 

9-Бөлүм.Добуш берүү жана чечимдерди кабыл алуу тартиби.

9.1.      Бул регламентте добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо үчүн пайдаланылуучу

төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:

  • шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны – 31;
  • жыйында катышып жаткандардын саны – табелдик каттоодон өткөн шаардык кеңештин

депутаттарынын саны

9.2.      Шаардык кеңеш сессияларда ачык, жашыруун добуш берүү жолу

менен чечим кабыл алынат.

Бул Регламентте бекитилген добуш берүүну түрүн өзгөртүү боюнча шаардык кеңештин чечими жалпы шайланган депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

9.3.      Добуш берүү сессияда кол көтөрүү менен ишке ашат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы (макул, каршы, калыс) протоколго түшүрулөт. Добуш берүү бүткөндөн кийин анын жыйынтыгын өзгөртүүгө мүмкүн эмес. Добуш берүүгө катышпаган депутат андан кийин добуш бере албайт.

9.4.      Шаардык кеңештин депутаты бир маселе боюнча чечим кабыл алуу үчүн добуш

берүүдө ага “макул” же “каршы” добуш берүү менен же чечим кабыл алуудан калыс болуу

менен бир добушка ээ.

9.5.      Ачык добуш берүү алдында төрагалык кылуучу добуш берүүгө канча сунуш коюлуп жатканын жарыялайт жана чечим шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүү башталгандыгы жарыялангандан кийин аны бузууга эч кимдин укугу

жок.

Добуштар эсептелип бүткөндөн кийин сессияда төрагалык кылуучу чечим кабыл

алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт

9.6.      Жашыруун добуш берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте жүргүзүлөт.

Жашыруун добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен жүргүзүлөт.

Жашыруун

добуш берүүнү өткөрүү жана анын жыйынтыктарын аныктоо үчүн шаардык кеңештин

сессиясы депутаттардын ичинен эсептик комиссияны шайлайт. Шайлануу органдарынын курамына көрсөтүлгөндепутаттар эсеп комиссиясынын курамындагы өз ишмердүүлүгүн добуш берүү учурунда токтотот.

Эсептик комиссия өз курамынан төраганы жана катчыны шайлашат. Эсептик комиссия өз

чечимдерин анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алат.

Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер эсептик комиссиянын көзөмөлү алдында ал сунуштаган жана шаардык кеңештин чечимименен бекитилген форма боюнча шаардык кеңештин депутаттарынын ар бирине бирден тууракелген санда даярдалат.

Добуш берүү үчүн бюллетенде жооптун “макул”, “каршы”, “калыс” варианттары каралган.Эсептик комиссияда калып калган бюллетендер эсептик комиссиянын төрагасы тарабынан комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусу менен жок кылынат.

Добуш берүүнүн орду жана убактысы, анын өтүү тартиби бул Регламенттин негизинде эсептик комиссия тарабынан бекитилет жана эсептик комиссиянын төрагасы тарабынан жарыяланат.

9.7.      Депутат жашыруун добуш берүү үчүн шаардык кеңештин депутатынын күбөлүгүн

көрсөтүп, анын негизинде бир бюллетень алат, жашыруун добуш берүү үчүн бюллетень

алуу ведомостундагы өзүнүн аты-жөнүнүн тушуна кол коет. Эсептик комиссиянын мүчөлөрү ар бир бюллетендин арт жагына кол коюшат.

Депутат добуш берүүдөн кийин добуш берүү үчүн эсептик комиссия тарабынан чапталган атайын ящикке бюллетенди таштайт.

Эсептик комиссия атайын жашыруун добуш берүү үчүн кабинаны коюу менен

депутаттардын жашыруун эрк-ниетин билдирүү үчүн шарттарды түзөт

Депутаттардын добуш берүүсүндө белгисиз формадагы,

ошондой эле депутаттардын эрк-ниетин аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп табылат.Добуштарды эсептөөдө бюллетенге киргизилген толуктоолор эске алынбайт.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептик комиссиянын бардык

мүчөлөрү тарабынан кол коюлуучу протокол түзүлөт.Эсептик комиссиянын төрагасынын баяндамасынын негизинде сессияда төрагалыккылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт.Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары шаардык кеңештин токтому менен жолжоболоштурулат.

Жүргүзүлгөн добуш берүүнүн процедурасында жана техникасында каталар табылган

учурда, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин

чечими боюнча кайталап добуш берүү жүргүзүлөт.

 

9.8. Добуш берүүгө коюлуучу сурнуштар жана оңдоолор жалпыга жарыяланып жана демилгечинин аты аталышы керек.

10-Бөлүм. 10. Шаардык кеңештин сессияларынын протоколу жана стенограммасы.

10.1.    Шаардык Кеңештин ар бир сессиясында анын жүрүшү жана мазмуну жөнүндө протокол түзүлөт. Протоколдорду жол-жоболошторуу шаардык кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт. Шаардык Кеңештин сессиясынын протоколунда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:

 

  • өткөрүлгөн айы, күнү жана орду;
  • катышкан депутаттардын саны;
  • сессиянын күн тартиби, депутаттарга таркатылган документтердин аталышы жана редакциясы;
  • сессияга төрагалык кылган адамдын жана сүйлөгөндөрдүн аты-жөнү;
  • добуш берүүгө коюлган бардык маселелер, сунуштар жана аларды чечүүнүн жолдору;
  • добуш берүүнүн жыйынтыгы жана кабыл алынган чечимдер.
  • Протокол  эки тилде толтурулат (расмий тиоде жана мамлекеттик тилде.

Протоколго сессияга төрагалык кылуучу кол коет.

10.2.    Шаардык кеңештин сессиясында стенограмма жүргүзүлөт. Аны шаардык кеңештин аппараты жүргузөт. Ачык жыйындардын стенограммасы атайын басылмаларга жарыяланышы мүмкүн.

Сессиянын стенограммасы талкуунун жүрүшүн, чечим кабыл алуунун жүрүшүн, ошондой эле сессиянын өткөн күнү жана ордун, күн тартибин, сессияга төрагалык кылуучунун аты-жөнүн толук камтышы керек.

11-Бөлүм.Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары. 

11.1.    Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары токтом формасында кабыл алынат.

11.2.    Шаардык кеңештин токтомдору сессияга катышкан депутаттардын көпчулүк добушу менен кабыл алынат, бул Регламентте каралгандан башка өзгөчө учурлардан башка убакта.

11.3.    Шаардык кеңештин токтомдоруна шаардык кеңештин төрагасы кол коет. Төрага жок учурларда шаардык кеңештин билдирүүлөрүнө, кайрылууларына төраганын орун басары кол коет.

11.4.    Шаардык кеңештин ишин уюштуурунун башка маселелерин кароонун жыйынтыгын жол-жоболоштуруу тартиби бекитилбесе токтом аркылуу кабыл алынат.

11.5. Шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алган токтому ал аймакта жашаган бардык жарандар, мамлекеттик бийлик жана башкаруунун аймактык органдары, жана ошондой эле менчиктин формасына карабай бардык ишкана, мекеме, уюмдар тарабынан аткарылууга тийиш.

 

11.6. Шаардык кеңештин токтому Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жокко чыгарылышы же күчун жоготушу мүмкүн.

 

 IV-БАП.   ШААРДЫК КЕҢЕШТИН РЕГАЛМЕНТИ

12-Бөлүм. Кара-Балта шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби.

12.1.    Шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча туруктуу комиссялардын же шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү менен киргизилген сунуш шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана биринчи кезекте каралат.

12.2.   Шаардык кеңештин Регламентинин жоболорун түшүндүрүү жана анын сакталышына көзөмөл жүргүзүү шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын бирине жүктөлөт.Шаардык кеңештин Регламентинин жоболорун түшүндүрүү шаардык кеңештин сессиясында берилет, эгер зарыл болсо шаардык кеңештин токтому менен бекитилет.

12.3.   Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынган чечимдер, алар кабыл алынгандан тартып жараксыз болуп эсептелинет.

12.4.    Бул Регламентте тескелбеген маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.

 

Шаардык кеңештин төрагасы                                                              А. Аалыев